Вторник , 14-Июль 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / С. Исаковдун шалаакылыгы жана афералык кадамдары жалпы бийликке көлөкө түшүрүп жатат!

С. Исаковдун шалаакылыгы жана афералык кадамдары жалпы бийликке көлөкө түшүрүп жатат!

Сапар Исаковдун саясатта ысымы аталгандан бери жарыган жумуш кылган жок. Мамлекетке киреше алып келбеди, тескерисинче чыгаша үстүнө чыгаша кылып жатат.
1. «Лигласс» сыяктуу афералык келишимдерди түздү.

2. Ал жетектеген Өкмөт демилге кылып мөңгүлөр талкаланды.

3. Темир Сариевдин убагында Кыргызстандын энчисине өткөн Ысык-Көлдөгү 4 пансионат кайра Өзбекстанга берилди.

4. Тышкы карыздын көлөмү 2 эсе көбөйдү.

5. Улутташтырылган «Мега Ком» компаниясы жеке менчикке сатылуу демилгеленди.

6. «Манас» аэропорту сатылышы демилгеленди.

7. «Белизгейт» аферасы аягына чыккан жок.

8. Светтин баасы кымбаттады.

9. 386 000 000 долларга жаңыланды деп элди алдаган ТЭЦ авариялык абалга түштү.

Мына ушуларга түздөн түз Сапар Исаковдун күнөөсү бар. Ушул кылган иштери үчүн сураксыз камалышы керек болчу. Тилекке каршы азыр да иштеп жатат. Сапар Исаков тажрыйбасы жок экенин көрсөттү. Болгону сулуу, чийме каш, фигурасы кооз кеңешчи кыздарды алды. Эгер жаңылбасам, анын 11 же 8 кеңешчиси болсо керек. 11 кеңешчиси мамбюджеттен айлык алып, мамлекетти тоноп жатат. Же алары бир кыйратып кеңеш берсечи?

Сары бала Сапар Исаковдун мындай ишинен майнап чыкпаган 40 кадамы бийликти, ал тургай жаңы президент болгон Сооронбай Жээнбековго дагы көлөкө түшүрүп бүттү. Ошондуктан токтоосуз өкмөтү менен чогуу отсавкага кетиши керек.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс