Четверг , 20-Январь 2022
Башкы бет / Диндер / Иранда»ахлисунна»мазхабындагылар кандай жашашат?

Иранда»ахлисунна»мазхабындагылар кандай жашашат?

Категория: Дин — Published: 12/01 — 10:54

90%ын шия мазхабындагылар түзгөн Ирандагы ахли сүннөттөрдүн жашоо-турмушу кандай?

Эл аралык ММКлар ахли сунна мазхабындагылардын,  мындайча айтканда суннилердин калктын көпчүлүгүн шиялар түзгөн Ирандагы абалдарын аздыр-көптүр чагылдырып келишет. Алардын канчалыгы чындыкка дал келет жана канчалыгы акыйкаттан алыс, устаз  Хажар, Ирандын «Ахли сунна менен пикирлешүү» уюмунун жетекчиси баяндап берди. Устаз Хажар Эл аралык Жамиатуль Мустафа ЖОЖунун учурда өтүп жаткан  онунчу отурумунда мындай деди: Өлкөбүздө 12 миллионго чукул ахли сунна мазхабындагы бир тууган мекендештерибиз жашашат.  Иранда ошондой эле аларга 15 миң мечит курулган.
Ал эми :»эмне үчүн Ирандын борбор калаасы болгон Тегеранда суннилердин мечити жок? «-деген суроого ал мындай деп жооп берген: Албетте, Тегеранда суннилердин намаз окуучу 4-5 жайы бар. Ал эми 99% жашоочуларын шия мазхабындагылар түзгөн аймакта суннилерге мечити куруп берүүнүн кажети жок. Мисалы, шия жан суннилер жашаган Ирактын Курдистан провинциясында көпчүлүгүн суннилер түзгөндүктөн ал жактын шияларына дагы мечит курууга уруксат берилген эмес.
Устаз Хажар шиялар менен суннилердин мамилелери ислам пайгамбарынын нассатына ылайык болуусу керектигин белгилеп, Куранда: «Каапырларга катуу туруп, өз ара (мусулмандар арасында)  ырайымдуу болгула», — деп айтылганын белгилеп кетти. Ушуга байланыштуу Иранда суннилер менен бир туугандай мамиле кылуу саясаты тээ Ислам Ыңкылабынан бери жүргүзүлүп келет. Муну имам Хамейни (а. р. б)  жана учурдагы Руханий лидер Хаменеи дагы каттуу табыштаган.

Негизи эле ирандык жаран болгон соң анын дини,  мазхабы тергелбестен, өкмөт тараптан бардыгына бирдей мамиле жасалып, аларга бирдей укук берилип, бирдей жашоо шарттары каралган.  Албетте, тынч жаткан өлкөдө жаңжал жаратууга аракеттенип,  кынтык издегендер табылбай койбойт. Бир убакта чет өлкөдөн келген Риги аттуу тыңчы Иранда жашаган суннилерден маек алып, алардын укуктарын «коргоп» чыгууга аракет кылган. Бирок,  жергиликтүү суннилер аны менен иштешүүдөн баш тартышып,  анын жардамына муктаж эместигин билдиришкен. Албетте, айрым душмандар Ирандын суннилер отурукташкан Систан жана Белучистан провинцияларындагы айрым суннилерди жалдап, аймактарды жардыртып,  тополоң жаратууга аракет жасашкан.

Бирок,  өкмөт бул жагдай Америка менен Израилдин жана ага алдангандардын гана иши деп, аймактагы суннилерге сөз тийдирген эмес.  ИИРдин мындай кыраакылыгынан улам ИШИМ дагы бир канча пландарын ишке ашыра албай калган. Бул ортодо өлкөнүн Руханий лидеринин ойногон ролу чоң. Ал мусулмандардын биримдигин баарынан жогору коюп,  суннилерге шияларга мамиле кылгандай адилеттүүлүк мамиле кылат.  Мисалы, бардык билим алуучу шия талабаларга жөлөк пул төлөп бергендей эле сунни талабаларга, жада калса чет өлкөдөн окууга келгендерине чейин төлөп берүүдө. Ошондой эле шия талабалар кандай камсыздалышса,  сунни талабаларга да ошондой камсыздыктар көрүлөт. Алардын үлгүлөрү Ирандын түндүк тарабындагы Түркистан менен чектешкен Гурган провинциясындагы ЖОЖдо сунни-ханафи агымы боюнча  окуган талабалар. Суннилер жума намаздарын каалагандай өткөрүшөт жана кутба окууда да аларга чектөө киргизилбейт.
Аятолла Хаменеи өз шияларына жума намаздарын үйдө жалгыз окубастан,  суннилердин мечитинде да болсо, алар менен чогуу окууларына фатва берген. Ошондой эле Мекке менен Медина мечиттеринде жамаат намазга катышпастан,  мейманканаларда жалгыз намаз окууга тыюу салган, -деп тактап кетти Устаз  Хажар.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс