Элден айланса болот. Эмне кылаарыбызды билбей баарыбыз дендароо болуп туруп кайра чыйралып, бири акча жыйып, бири жылуу кийим жеткирип, дагы бири ысык чайын жеткирип эл колунан келгенин жасап жатышты.
Ал эми президентчи?
Өз милдедин аткардыбы? Жок… Экс-президент чын эле, Өмүркулов айткандай, журт атасы болсо дароо ошол жерге жетип барып, көзүн ачып эле кыяматка учураган, заматта ата-эне, бир туугандарынан ажыраган шордуу балдарды башынан сылап, «айланайын, сен жалгыз эмессиң, артында биз турабыз» деп койсо баарыбыздын ичибиз жылыбайт беле. Жок, ал анткенге жарабады…Ал эле эмес, кимдин учагы экенин, жүк кимдики экенин, кайдан, эмнеге келгенин баарын бир күндө болбосо да бир айда аныктатып койбойт беле! Жок, андай да кылбады… Тескерисинче, ата-бабаларыбызда жок салтты баштап, кайгыга батып тургандарды өз үйүнө чакырып куран окутуп, элдин оозун Ошту каратты.
Ал эмес таза элден чогулган 102 миллион сом акча да жабыркаган элеге ачык тизме менен жеткирилип берилбеди…Нааразы болгон эл, нааразылыгыбызды фейсбуктан чыгарып ошол бойдон калып кетти. Дал ошол каргашалуу окуянын болгонуна саналуу күндөрдөн кийин 1 жыл толот. Элдин, жакындарын жоготкондордун көкшүнү суубады.
Бул окуя Атамбаевдин «эптемей» бийлигинин кара тактарынын бири гана… Эми мөөнөтүнүн бүтөөрүн чыдамсыздык менен күтүп, эми Кыргыз эли кутулдук окшойт деп отурсак кайра келет деген күбүр — шыбыр кептер чыга баштаптыр. А сиз, Атамбаевдин кайра бийликке келишин каалар белениз???
Жаткан жериңер жайлуу болсун, тынч уйкудан ойгонбой кете берген шордуу бир боорлорубуз…