• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

Маданият жылын кантип узатканыбызды айтып берейин

Автор:ruh_admin

Янв 3, 2018
Мен былтыры жайда Аравандын маданият үйүнө баш багып калган жайым бар. Эми анын абалын айтып берейин. Райондук маданият үйүнүн 350 орундуу залы бар. Орок балканын эле жоктугу болбосо сахнасында кадимки союздагыдай кызыл парда илинген. Отургучтары эскирип, азыр көзгө калаты көрүнөт. Тыштары сыйрылып, жыгачы жылаңач калган отургучтардын айрымдарында курч зырабалар башын чыгарып турат. Ага жукараак кийимчен отурган кишинин кийими эле эмес, териси да тилинип кеткидей экен. Ар бир отургучтун артында миңдеген жазуулар бар. Анын баарын окуган киши ким кимди сүйөрүн, ким кимди сөккөнүн жакшылап билип алууга болот. Ал жерде өткөн жыйындарда, концерттерде көрүүчүлөр эмне менен алек болгонун ошол отургучтар айтып берет.

Гилтейген чоң залдын анча чоң эмес эки гана терезеси бар экен. Залдын ичи гүңүрт. Кышта жылуу болсун дегенби, же уурулардан коркконбу, айтор көп терезелерин дубал менен бүтөп салышыптыр. Бирок залдын ичиндеги үптү айтпа. Ысыкта турган темир контейнерден айырмасы аз эле.
Залдын оң капталынын жогор жагы жаңы пластик айнек менен тосулуптур. Көрсө ал жакта жетекчилик отурат экен.
Эми артисттердин кийим алмаштыруучу жагына кирип көрөлү. Кийим алмаштырчуу бир гана бөлмө бар. Анын эшиги ичинен да сыртынан да кулпуланбайт. Эшиктин туткасы да жок. Тутканын ордуна чоң кара мык бар. Ошол мык тутканын да кулпунун да милдетин аткарат экен. Ийри мыкты тартып туруп, бир аз бурасаң дубалдагы тактайдын кырына илинет. Бар кулпусу ошол. Бөлмөдө чоң күзгү турат. Кудай жалгап, дубалдын бир жагын бүт ээлелеп, колдо жасалган темир кийим илгич турат. Өтө чоң болгон үчүн эч ким үйүнө алып кете албаганы көрүнүп турат. Бирок көчө жактагы терезесинде парда жок. Ал бөлмөдө кийим алмаштырган менен сахнада алмаштыргандын айырмасы жок да десем, кароолчу “кыжаалат болбоңуз, терезеге карартылган клёнка чапталган” -деди. Анысына ишенген жокмун. Ичинде турган адамга сырттагы жолдон ары бери өткөндөр туптунук эле көрүнүп турат. Кийим алмалтыруучу бөлмөнүн бүт ыңгайлуулугу ушул. Ушул жалгыз бөлмө эркектер үчүн да, аялдар үчүн да кийим алмаштыруучу жай катары кызмат кылат.
Андан чыгып оң жакты карасаңыз тар коридордун аягында дагы бир эшик көрүнөт. Ал, имараттын арткы эшиги экен. Бирок ал эшиктин белиндеги туткага бешилик илинген. Ал бешилик эң ишенимдүү кулпунун милдетин аткарып турат.
Аравандын маданият үйүнүн эки орундуу даратканасы сыртта экен. Эшиги жабылбайт. Бир жагынан ошол жабылбаганы сүйүнтөт. Анткени толуп ашайын деп калган даараткананын ичиндеги кычкыл жыттан көз ачышат. Аптаптуу жердеги дараткананын ичиндеги ысыкты айтпа. Ошол 2-3 мүнөттүн ичинде ичиң эле эмес териң да заара ушатып жиберет экен. Көзүң ачышып, шоргологон терден заматта денең чапташып, кийимиң жыттанып чыгат. Шымыңды дароо көтөрүп, чала бүчүлөп, курду сыртка чыгып тартканга шашасың. Эми байкабай кагазы жок кирип алган болсоң кантээр экениңди элестете бер. Ошентип атып жеңилдегеним курусун деп өкүнөрүң турган иш. Ошол дараткана имаратынан кыйла бериде куурайын деп калган өрүктүн бооруна кол жуугуч илинген. Суусу жок болуп калса кантем деп коркуп барып бассам суу чыгып кетти. Оох, -дедим. Чындап сүйүнүп кеттим. Ошол кол жуугучтун суу челегин маал-маал толтуруп турган адамга ыраазы болдум.
Араван райондук маданият үйүнүн короосу да кызык. Район акимиятынын имаратына бетмаңдай маданият үйүнүн алды түшүнүксүз темир бастырма менен тосулуп турат. Маданият үйүнүн короосуна, даңкайган маданий имараттын тумшугуна жепирейген темир бастырма салууга кандайча уруксат берилип калганына таң каласың. Маданият үйүн өтө жашыруун жайдай бекиткен архитектуралык чыгармага Араванда гана күбө болосуз. Анын чакан аянтчасындагы капкара шады тыттарды көрсөрүң. Анан аппетитиң ачылат да ошо тыттардан зэриккенче терип жейсиң. Тыттын ширесинен колдоруң кандай кызылга боёлот. Анан аны жууп алуу үчүн суу издеп жөнөйсүң. Анан Аравандын борборунан кол жууганга суу таап көр. Кайра жанагы дараткананын жанындагы өрүкө илинген колжуугучту эстейсиң. Барып бассаң эле суу жок. Бир-эки тамчыдан башка эч нерсе чыкпайт. Түгөнүп калыптыр. Анан ошол челекти ыргыта тепкиң келет.
Мына ушундай маданий мекемелерибиз менен Маданият жана ыйман жылын майрамдап атканыбызда 20 жылдан бери Кыргызстанга келбей калган өзбек кошуналардын мамлекеттик деңгээлдеги артисттери келип калды. Өзбек тектүүлөр көп дедиби айтоор, алар да ошо Араванда концерт бермек болушту. Өзбекстандын ак сарай, көк сарайларында ырдап жүргөн артисттер биздин Аравандагы сыртынан жарык кирбеген, ичинен жели чыкпай дымдалган маданият үйүбүздө тердеп ырдап кетишти. Эшиги кулпуланбаган жалгыз кийим алмаштыруучу жайды көрүштү. Эшиги жабылбаганы кубанткан дааратканага да зыярат кылышты. Кыскасы ушунтип 2017-жылды аяктадык. Эми 2018-жылды кантип узатар экенбиз?…

Ыдырыс Исаков
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс