Четверг , 20-Январь 2022
Башкы бет / Жаңылыктар / Тажикстанда аз камсыз болгондорго ажыга барууга тыюу салынат

Тажикстанда аз камсыз болгондорго ажыга барууга тыюу салынат

Категория: Дин — Published: 26/12 — 10:48

Тажикистандын Дин иштери боюнча комитети мындан ары Хаж зыяратына баруучулардын каржылык жагдайларын текшерүүдөн өткөрүшөт.

Бул тууралуу Islam-today маалыматы кабарлады. Белгилей кетсек, мындан ары Тажикистан өкмөтү  аз камсыз болгон тажикистандыктардын ажыга баруу талаптарын канаттандырбайт.
Өлкөнүн вице-премьери Азим Иброхимдин билдирүүсу боюнча, Хаж уюмунун башкы комиссиясы менен болгон кеңешүүнүн натыйжасында бул чечим аз камсыз болгондордун жагдайын оорлотпоо  максатында кабыл алынган. “Дин иштери бөлүмүнүн жергиликтүү комиссиясы мындан ары ажыга барууга арыз бергендердин экономикалык жагдайларына карата уруксат бермекчи.

Учурда кредит алуу менен да ажыга барып жатышат. Өлкөдө бир аял баласын жерге берген соң,  3 баласы менен жашаган келинин квартирадан чыгарып,үйүн сатуу менен ажыга барганы камданган”,-деген кеңешке катышкандардын биринин билдирүүсүн  “Озоди” радиосу жарыялады.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс