• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

БҮГҮНКҮ ЭҢ КОРКУНУЧТУУ НЕРСЕ – УЯТСЫЗДЫКТЫН РАДИКАЛИЗМИ

Автор:ruh_admin

Июл 28, 2016
12688363_492347747635153_8629879873311432236_n“Вечерний Бишкек” кезитинин 2016-жылдын 14-июлундагы санында Айнура Темиралиева деген философия мугалими “Менин өлкөмдү ИГИЛге айландырбагыла!” деген ат менен «Кайран элим, кайда баратабыз?» аттуу баннерлер боюнча талаш-тартышка карата пикирин жарыялаптыр. Анын негизи Иран өлкөсүнүн фактыларын бурмалаган ушак менен жалаа жана диндарлар динди кандай тутунууга тийиш деген талап түзүптүр. Конституцияда ошентип жазылып турат деп бет тырмарлык кылыптыр.
Муну биздеги эң нускасы көп орус тилдүү кезит басып жаткан соң каяша айтпаска аргасыз болуп олтурабыз. Биринчиден, мусулман динин тутунгандар динди кантип тутунаарды жана кандай кийим кийээрди Кудайдан келген эреже деп билет жана ага кимдир бирөөнүн, анын ичинде Темиралиеванын да насаатчылык же ревизорлук кылуусуна жол бербейт. Андан сырткары, мээни иштетип, бул өлкө кудайсыздардын эле эмес, диндарлардын да өлкөсүн экенин моюнга алып коюш керек.
Көздү ачып, Конституция боюнча кудайсыздар жарым жылаңач кийинип жүрүүгө укугу болсо, диндарлар да өзү каалагандай кийинүүгө укугу бар экенин билиш керек. Бирөөдөн мыйзамда жок нерсени талап кылуунун өзү радикализм экенин түшүнүш керек. Экинчиден, мугалим аты бар адамдын башка өлкө тууралуу жалган маалымат таратышын бери эле дегенде жаш муунга карата бузукулуктун булагы деп эсептөөгө болот. Иранды жамандаардан мурда ал өлкө тууралуу жок дегенде шапалактай китеп окуп коюш керек. Аялдын адам катары укугун асманга көтөрүү боюнча азыр Ирандын алдына чыккан бир да өлкө жок. Ооба, конституциясы Курандын негизинде түзүлгөндүктөн анда эркектин төрт аялга чейин алууга укугу бар. Бирок төрт тургай, иш жүзүндө ар бир миңинчи, он миңинчи эркектин да экинчи аялы жок. Ирандын эркеги жалгыз аялдын талабын канааттандыралбай жүрүп о дүйнөгө кетет. Аял алууга калың төлөй албай кыркка, ал турсун элүүгө чыккандар толтура. Албетте, ар бир элде жаман да, жакшы да бар.
70 миллион калкы бар Иранда сойкулар да жок эмес. Бирок ал жакка барып он жолу сойку издесеңер биринде максатыңарга жетишиңер мүмкүн, тогузунда кармалып түрмөгө түшүп калышыңар турган эле иш. Ошондуктан Иранга тынч барып, тынч келгенден өтөөрү жок. Ирандын аялдары машинени кыргыздын толгон эркектеринен мурда минген. Мындан 15 жыл илгери эле ар бир төртүнчү, бешинчи автону аялдар айдачу. Полицейскийи эки кишиден корксо, анын бирөө молдо, экинчиси аял. Полицейский мага тийишти деп арызданса полицейскийдин шорун катырат. 90-жылдары Иранга барган биздин бир журналист көчөдө кетип бараткан Иран аялын биздеги сүйрөлгөн көйнөк кийген лөлүдөй көрдүбү, колтуктай калып сүрөткө түшөм деп, аз жерден атылып кетпей араң кутулуп чыккан. Ит болдук, куш болдук, бизди адам эмес, айбан сыяктуу эле көрүп койгула, эки өлкөнүн ортосунда жаңы түзүлүп жаткан мамилеге зак кетпесин деп, бүтүндөй дипломатиялык корпус киришип жатып, өлдү-өлдү менен жап-жап кылган ал ишти. Иранда жогорку окуу жайдын эркек мугалими студент кыздан ортодо бир күбө жок экзамен ала албайт.
Ошенткен мугалим да, анын чоңдору да аёосуз жазаланат. Ишкер эрди-аял эмес аял менен эркекти ээн бир бөлмөгө олтургузуп койсо анын да шору катат. Иран аялынын бир гана сойкулук кылуу эркиндиги жок. Элге билим берүү кызматкерлеринин 70 пайызын, саламаттык сактоо кызматкерлеринин 60 пайызын аялдар түзөт. Илим-билим, маданият тармагынын теңме-теңи аялдар. Аялдардын үлүшү мамлекеттик кызматтарда, башкаруу ишинде улам көбөйүүдө. Спортсмен аялдары дүйнөлүк чемпионаттарга катышып жатат. Иран аялдарынын ушундай шартын жалаң эркектер түзүп берген деп айтуу кыйын. Иран Ислам революциясынын негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири аялдар болгон. Алардын жаалынын жанында дүйнөнүн мен деген феминист аялдары эч нерсеге жарабай калат. Америка бизди жылаңачтап, абийирибизди төккөнү жатат деп жаалданып чыкканда аларга каршы туруштук бере турган күч коомдо жок калган. Ар бири дипломаттык укукка ээ болуп, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип азынап кеткен 200 миң америкалыктын бирин калтырбай көчүккө тээп айдап чыгышкан ошондо.
Тарыхта орноп алган америкалыктарды кетире алган эки гана өлкө болгон. Бири Вьетнам, экинчиси Иран. Вьетнам Советтер Союзунун жардамы менен кууса, Иран өз элинин күчү менен айдап чыккан. Мамлекеттер аралык келишимдин негизинде тынчтык жол менен Американы кетирген азырынча жалгыз Кыргыстан экенин да адилеттүүлүк үчүн айтып коюшубуз керек. Америка, Батыш Европа өлкөлөрү Ирандын көз каранды эмес саясатын көтөрө албай, ар кандай аскердик жана экономикалык кысмакка алып келатканына 40 жылга жакын убакыт болду. Ошого карабай Ирандын экономикалык күч-кубаты да, элинин жашоосу да биздикинен алда канча жогору. Ислам революциясынан бери элинин саны Ирак менен болгон Америка таңуулаган 8 жылдык кандуу согушка карабай 33 миллиондон 75 миллионго чейин көбөйдү. Иран биз менен тарыхый да, маданий да, диний да жалпылыгы чоң өлкө.
Анын мунайзатына жол салсак “Газпром” мафиясыныкына караганда алда канча арзан болмок деген эсептөөлөр капкачантан эле бар. Башка пайдалуу байланыштарды айтпай эле коёлу. Иранды атайылап кара ниеттик менен мокочо көрсөтүү Иранга караганда биздин өзүбүзгө көбүрөөк зыян. Ал эми биздин кудайсыз бир туугандарыбызга болсо эсине жана уятына келип, диндар туугандарын көрө албастыгын азайтышын каалайбыз.
Бейшенбек Бекешов.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс