• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Икрамжан Илмиянов менен “Раим миллион” Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кантип сындырышты?

Автор:ruh_admin

Июл 27, 2016

Коллегия МВД 160716

Генерал Кашкар Жунушалиев  бир жарым ай эле мурун, 2-июнда КР Ички иштер министри болуп дайындалган. Ал эми 15-июлда ал министр катары  ИИМдеги өзүнүн биринчи коллегиясын өткөрүп жаткан.  Ал күнү ИИМдин коллегиясында 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ИИБдөгү ыкчам-кызматтык ишмердиктин жыйынтыктары каралды. Коллегиянын ишине  Ички иштер министри  Кашкар Жунушалиев,  КР өкмөтүнүн коргонуу жана  укук тартиби бөлүмүнүн башчысы Дамир Сагынбаев,  ИИМ министринин орун басарлары, ИИМдин Башкы башкармалыктарынын начальниктери,  Башкармалыктардын начальниктери, райондук, шаардык, облустук башкармалыктардын начальниктери, ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери болуп 200дөн ашык адам катышышты. Негизги маселелер катары ички иштер министрлигинин структураларындагы  ыкчам-кызматтык  ишмердиктин абалы жана тартиптин сакталышы эле.

Жыйында генерал Кашкар Жунушалиев олуттуу сөз сүйлөп,  министрликтин бөлүмдөрүндөгү ийгиликтер менен катар кемчиликтерди баса белгилеп, акырында бир нече начальниктерди кызматтан алуу сунушун каардуу түрдө айтты. Айрыкча ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукту каржылоого каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Бакир Таировду кекете: “Сенин ишиңден эч бир натыйжа жок, уюшкан кылмыштуулукту каржылап жаткан бир дагы фактыны ача алган эмессиңер! Эмне иш кылып, айлык алып жүрөсүңөр?  Мен министр катары Бакир Таировду кызматтан алууну коллегияга  сунуш кылам!” дейт. Коллегия министрди колдоп ал сунуш кылган бир нече начальниктерди кызматтан алууга чечим чыгарат. Алар: Сокулук РИИБнын начальниги А.Токтомамбетов; Кочкор РИИБнын начальниги К.Абдылдаев; Ысык-Көл РИИБнын начальниги Т.Нуралиев; Ысык-Көл ОИИБнын начальнигинин орун басары М.Абдрахманов; ИИМдин Кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча башкармалыгынын начальниги Т.Мамбетакунов; ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукту каржылоого каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Бакир Таировдор эле. Ушуну менен коллегия чечим чыгарып, ишин жыйынтыктайт.

Бакир Таиров дароо өзүнүн “крышасы” бажычы Раим Матраимовго телефон чалып иштин чоо-жайын түшүндүрөт. Раим Матраимов өзүнүн “крышасы”, Атамбаевдин мурдагы шоопуру, азыркы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго чалат, ал киши дароо министр Кашкар Жунушалиевдин телефонун бурап “Бакир Таировду кызматында калтырасыңар, Чүй облустук милициянын начальниги Капар Батыркановду кызматтан кетирип, анын ордуна Канат Жумагазиевди дайындайсыз!” деп талап кылат. Мындайды күтпөгөн генерал “Коллегиянын чечимин мен кантип жокко чыгарам? Эл эмне дейт? Анын үстүнө бул менин министр катары биринчи коллегиям болсо…” дейт. Ал эми трубканын аркы башындагы Илмиянов эч кебелбей  “ал менин проблемам эмес, айткандарды аткарыш керек!”  деп кесе айтат.

Эртеси министр өзүнүн буйругун жокко чыгарып, Бакир Таиров кызматында калат. Чүй облустук милициянын начальниги Капар Батырканов кызматтан алынып, ордуна Канат Жумагазиев дайындалат. Бакир Таировдун “крышасы” миллионер Раим Матраимов болсо, Канат Жумагазиевдин “крышасы” айтылуу миллионер бизнесмен Бозулан Мамазаиров болуп чыкты. Канат Жумагазиевдин апасы менен Бозулан Мамазаировдун атасы бир туугандар экен. Миллионер бизнесмен өзү азыр АКШда жашайт жана Алмаз Атамбаевдин бир кызы менен жакын бизнес партнерлордон.  Ал эми Бакир Таиров бир кезде, Бакиев заманында Жаныш Бакиев менен жакшы мамиледе болуп, финполициянын начальниги А.Муйбиллаевдин “кассири” болгондугу айтылат.

Илмияновдун Кашкар Жунушалиевди сындырганын уккан Чүй кланынын өкүлдөрү, генералдар Бакирдин Субанбеков, Өмүрбек Кутуев жана Кеңеш Дүйшөбаевдер да катуу сынышыптыр. Үчөөсү тең бир кезде ИИМ министри болушкан жана бир да режимде минтип коллегиянын чечимин жокко чыгарып, министрдин буйругун артка кайтарган “серый кардинал” болгон эмес.

Кыйынды кыйын деш керек, Икрамжан Илмиянов кыйын экен. Мурунку Ички иштер министрлерин да сындырып алган эле жана каалагандай башкарчу.

Кашкар Жунушалиев и С Жээнбеков

Булак: Кyrgyztoday.kg

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс