• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

“Табарак” фондунун жетекчиси Кыргызстандан чыгарылды

Автор:ruh_admin

Июн 30, 2016

13517555_1006619626123106_3502173635043711700_oБишкек, 30-июнь /ca-irnews.com/.  27-июнда УКМКдан (Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы) расмий билдирүүсү боюнча, “Табарак” диний кайрымдуулук фондунун башчысы, Кувейттин жараны Абдулла Фалех Жабирдин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу “Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев билдирди.

Эсиниздерге сала кетсек, мындан 15-17 күн мурун “Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмеси ТИМ, УКМК, ИИМге кайрылып, аталган чет өлкөлүк жаранга Рамазан айынын аягына чейин тиешелүү чара көрүлүшүн талап кылган. Андан тышкары мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү чаралар көрүлбөсө Чоролор өз алдынча аракеттерди көрүшөрүн баса белгилешен эле.

Мурда маалымдалгандай, “Табарак” диний кайрымдуулук фондунун жетекчиси Абдулла Фалех Жабир жергиликтүү бир кыз менен бир түнгө нике үчүн чет өлкөдөн келе турган досторуна 20-25 жаштардагы кыздарды таап берүү боюнча сүйлөшүүсүнүн аудиосу интернет аркылуу социалдык тармактарга тарап кеткен. Мындан тышкары Кувейт жараны дагы бир белгисиз кыз менен жыныстык мамиледе болгондугунун да аудиосу таркаган. бул көрүнүшкө кыргыз коомчулугу нааразы болуп. аталган фонддун жетекчисин өлкө аймагынан кууп чыгарууну талап кылышкан.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс