• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Анарбек ажы Жусупов “Табарак” кайрымдуулук фондунун башчысы болуп дайындалды

Автор:ruh_admin

Июн 30, 2016

Бишкек, 30-июнь /muftiyat.kg/  “Табарак” кайрымдуулук фондунун Кувейт жана Сауд Арабиядагы башкаруу кеңешинин макулдугу менен фонддун Кыргызстандагы директору болуп Анарбек ажы Жусупов дайындалды. Анарбек ажы Жусупов буга чейин “Ас-Салам” фонду жана бир топ кайрымдуулук фонддордо эмгектенип, меценаттык бир топ иштерди жасаган жана анын демилгеси менен Кыргызстандын аймагында мечит куруу, таза суу чыгаруу жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлгөн.  Учурдан пайдаланып, Ош облустук казыяты Анарбек ажы Жусуповдун жоопкерчиликтүү милдетти алышы менен куттуктап, алдыдагы иштерине ийгилик каалайт.

Эскерте кетсек,  “Табарак” фонду буга чейин  региондордо бир канча мечит, медреселерди,  чакан бейтапканаларды куруп, суу чыгарып, көпүрө салып, жетим-жесирлерге жардам берип келген.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс