• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Стамбул аэропортунда жардыруу болуп, 36 адам каза тапты

Автор:ruh_admin

Июн 29, 2016

image387880_3a90a232ffdbca7c8207301a2e16f381Бишкек, 29-июнь /ca-irnews.com/. 28-июнда Стамбул аэропортунун эл аралык терминалында өз жанын кыйган аялдын жардыруусунан 36 адам каза болду. Бул тууралуу жардыруу болгон жерге келген Түркиянын премьер-министри   Бинали Йылдырым билдирди.

Ошондой эле Түркиянын юстиция министри террорчу-аял алгач автоматтан ок чыгарып, андан соң өзүн жардырып жибергендигин маалымдады.

Учурда аэропорттун баардык кире бериш жана чыга бериш эшиктери жабылып, аэропорттун жолуна тосмолор орнотулган. Терминалдын ичинде дале жүргүнчүлөр менен кызматкерлер бар. Жардыруу болгон жерде медиктер, өрт өчүргүчтөр жана полиция иштеп жатат. Саламаттык сактоо министрлиги террорчулук болгон аймакка 20дан ашык тез жардам машинасын жөнөттү.

NTV телеканалынын билдирүүсүндө, жардыруудан кийин окуянын күбөлөрү куралчан төрт адамды көрүшкөн. Алар ошол замат терминалдын имаратынан качып чыгышкан. Ошондой эле аэропорттун автомашиналарды токтотуучу жайында атышуу болгондугу маалымдалууда. Бирок бул маалымат азырынча расмий түрдө тактала элек.

Полиция акырындап адамдарды Стамбулдагы Ататүрк атындагы аэропорттон чыгарып жаткандыгын Haber Turk телеканалы билдирди. Мындан тышкары учуп келаткан баардык самолеттор кабыл алынып, жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрү ошол замат аэропорттун аймагынан чыгарылып кетери маалымдалууда. Ал эми пландуу учуулар убактылуу токтотулду. Бийлик кризистик штаб түздү.

Премьер-министр Бинали Йылдырым Анкарада өлкө коопсуздугун камсыздоо боюнча чукул жыйын өткөрүп жакын арада Стамбулга кайрадан учуп барары белгилүү болду.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс