• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Сойку милициядагы “крышасы” жөнүндө айтып берди (Видео)

Автор:ruh_admin

Июн 29, 2016

Бишкек ШИИБи “көпөлөк” аталышындагы рейд өткөрүп, анын алкагында 200гө чукул сойкулук менен алектенген кыздар кармалган. Кармалган сойкулардын бири “zanoza.kg” сайтына бул жолго кантип кирип калгандыгын айтып бериптир.

555

“Мага жашы жете элек эки инимди багууга туура келди. Официантка же башка жумушта иштеп көп акча таба албайсың. Жумушка орношууга бир курбум жардам берген, ал сойку болуп иштей тургандыгын мен билген эмесмин. Алгач саунада иштедим, биринчи күнү бир айда таба турган айлыкты бир эле күндө таптым. Жеңил акча коркууну жана уялууну жоготуп, ошентип мен иштей баштадым. Менин биринчи кардарым мамлекеттик кызматта иштейт эле. Сырткы көрүнүшүнөн судьяга окшош болчу. Мага аябай коркунучтуу болду, бирок ал мага жаман эч нерсе кылган жок, тескерисинче жакшы чай пул таштап кетти” – дейт кармалган сойку.

Анын иштөө убактысы так эмес, күндүзү ал туруктуу кардарлары менен иштейт. Ал эми “официалдуу” түрдө жумушу 21:00дөн 9:00гө чейин болот. Түшкөн акча бир нече кишиге бөлүнөт. Саунанын администраторуна айдоочуга жана коммерциялык секс менен иштеген кишиге.

“Биздин “крышабыз” бар, ал милициянын жогорку кызматында иштейт  биздин “контора” айына ага 7-10 миң сом төлөп турат” – деп кошумчалады ал.

 fakt.kg

 
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс