• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Нургазы Мусаев, коомдук ишмер: «Бир канатым — түштүгүм, бир канатым — түндүгүм»

Автор:ruh_admin

Июн 29, 2016

«…Сарттар десе чычалайсыңар… Ушу бир табак тамак үчүн баргандарды сарт десең аздык кылат булар лөлүлөр… КЫРГЫЗ ЭМЕС!!! Намысы жоктор! Ачкадан өлгөн аткансыган… Силерге менин абалымды түшүндүрүш үчүн алдагы барган 200 адамдын жарымын кырып ит аткандай кылып атып салса балдары жетим, аялдары жесир калса кана түшүнөсүңөр… Кыскасын айтканда, ИТ да элин мынча сатпайт».

Нургазы Мусаев, коомдук ишмер: "Бир канатым - түштүгүм, бир канатым - түндүгүм"

Жеке мен оштук болбой, Кытайда туулган кыргыз болсом да алдагы сөздөр үчүн унчукпай койо алмак эмесмин. Катуу кетип калбайын деп, айтылган сөздөрдү кайра-кайра окудум. Альтернативалуу маалыматтарды окудум, Бакиевдин ооз ачары боюнча.

Балээнин баары ошол ооз ачардан башталыптыр. Аллахым, мени кечир! Эки күндөн бери ооз ачар тууралуу жазышка туура келип жатат. Бу жарыктагы чоң кубаныч, Акыреттеги Жараткандын өзүнө жолуккандагы ааламдагы бардык кубанычтарды чогултуп келсең, анын алдында шоона эшпеген зор сүйүнүч — ооз ачар тууралуу кайра-кайра жазып жатканымы, Аллахым кечир!

Кечээ ооз ачар саясаттан, күнүмдүк кызыкчылыктардан жогору турган диний жөрөлгө экенин кыйыткан элем. Айтып оозду жыйгыча ооз ачарга байланышкан чоң чуу чыгып отурат.

Соцтүйүндөрдөн башка да маалыматтарды карайлы.

«Азаттык» радиосунун «Бакиевдер ооз ачырды» деген макаласында:

«Жамиля Бегиева башында ифтар ким тарабынан уюштурулуп жатканы деле айтылбаганын белгилейт.

— Орозодо бардык мусулмандар Кудайдын алдында бирдей. Бардыгы эле колунан келген ишин жасап, Кудайдан сооп алайын деп жатса керек. Бизди да ооз ачууга чакырышкан, анан барганыбызда Курманбек Бакиевдин инисинин баласы экен деп айтышты. Муну эми ар ким өзүнүн түшүнүгү боюнча кабыл алат экен. Акаев деле акыркы убакта эл менен катышып, чай ичишип жүрөт. Курманбек Салиевич деле ушундай иш-чара өткөрдү. Негизи, элибиз бөлүнбөй бириксе жакшы болот эле.

Маматжан Акжолов орозо айында чакырган жерге барып, аксакалдык милдетин аткарганын айтат:

— Аскар Акаевич менен анын илимий потенциалынын пайдасы биздин жаштарга – Москвада окуган студенттер менен аспиранттарга тийсин деп жолугушуп жүрөбүз. Аскар Акаевич эки жолу илимий семинар уюштуруп, докладын жасаган. Бул жакта эч кандай саясат жок. Ал эми кечээги ооз ачууда болсо, “жалалабаддык жигиттер чакырып жатат” деген кабар болгон. Аксакал болгондон кийин чакырган жерге барып, орозо кармагандардын оозун ачып, сооп кылгандарга каалоо-тилектерди айтып, батабызды берип кеттик».

Менин байкашымча, москвалыктар үчүн күндө болуп жаткан ооз ачарлардын бири экен. Чакырылгандар арасында мурдагы элчи Раимкул Аттокуров, Путиндин дал өзүнөн сыйлык алган биздин баатыр Марат Исаевдер жүрөт.

Бакиев ооз ачарынын айрым конокторун жеке тааныйм. Деги эле четте жүргөн ар бир мигрантты төбөмө көтөрүп алгым бар. Москва биздин Ата Журттун бир бөлүгү болуп калды. Анткени, ал улуу шаарда канча кыргыз перзент жарык дүйнөгө келип жатат. Чейрек кылым мурун эптеп жол киресин таап барышкан кыргыздарым бүгүн Москва турмушунун ажырагыс бир бөлүгү. Гастарбайтерлердин ичинен эң билимдүү, эң сыйлуу, эң урматтуусу. Жарым кылымга жетпей ушул кыргыздардан Орусиянын депутаты, мэри, министри, балким андан да чоңу чыгат. Москвадагы алдыңкы кыргыздардын иштерин көргөн үчүн ушинтип айтып жатамын.

Эми Жазайым кызыбыз ушуларды ит аткандай атып салсам силер менин абалымды түшүнөт элеңер дейт. Сарттар дейт!

Көп чуунун башы болгон бул ооз ачардан кийин кыргыздар соцтүйүндөрдө ит жебеген бокту жеп атышат. Ошумду Асмандан Аллах Таала силкилдетсе, жерден Жазайым титиретип жатат! Мына, ойлонбой сүйлөнгөн сасык кептин кесепети.

Укук коргоо органдары, кайдасыңар деп жатышат. Соцтүйүндөрдөгү дуэлдерге, кайым айтыш, жаакташууларга алар эч нерсе кыла албайт. Мыйзам жок деп, оозун кургак чөп менен аарчып туруп берүүлөрү турган кеп.

Эми эмне кылуу керек?.. Менин сунушум:

1. Жазайым алчусун алды. Ушунча элдин жаадырган каргышы эмне деген жаза! Журналисттер союзу эскертүү береби, эмне кылат, журналистиканын жүзүн сактап калчу бир ишти жасашы керек. Союзду издеп да таппай койдук эле эки ай мурун. Андай болсо, Жазайым иштеген «Асман +» гезити журналистке бир чара көрүп, аны элге айтсын. Отпускада элек деп кутулбай, гезиттин жүзү үчүн жамаат чогулат деп ишенип туралы.

2. Жазайым Кыргыз Эл жазуучусу, түбү оштук Мар Майжиевге жардамчы болуп иштейт. Былтыр Жогорку Кеңеш депутатынын бир жардамчысы Мар Майжиевди тааныбайт экен деп бир айдай ызы-чуу салган. Өзү Кыргызстандын жарым элин кордоп отурат минтип. Мар абабыз да өз оюн айтсын. Ошол киши эмне десе, мен абама куп дегенге даярмын.

3. Бул кыз: «Жаачымын, Көчмөндөр оюнуна катышат элем. Батаңарды бергиле» деп жаткан. Жаачы эмес, дал Жаңыл Мырзанын өзү болсо да сөзүнө жооп берсин. «Салбуурун» Федерациясы, Көчмөндөр Оюнун уюштуруучулары бир чара көрүп, аны коомчулукка билдирсин.

4. Бүгүн паспорттогу улут графасын чийип салат элек деп жумшак орундарда отуруп алып, элге акыл айтып жаткан тарыхчыларыбыз кыргыз элинин бир эл экенин, баары бир атадан тараган бир улут экенин жалпак тил менен элге түшүндүрүп, Кыргызстанды түрө кыдырышсын. Теле, радиоберүүлөрдү уюштурсун, макалаларды жазсын. Мектеп жашынан баштап биз бир элбиз, түндүк-түштүк бир элбиз деп ар бир кыргыздын мээсине куя турган программаларды иштеп чыгып, мектептерге сунуштасын.

Элимди сабырдуулукка, токтоолукка, кечиримдүүлүккө чакырып, Кыргыз Эл Жазуучусу, КМШ мамлекеттеринин сыйлыгынын (Мурунку Мамлекеттик сыйлык) ээси, жазуучу, драматург оштук Султан Раевдин учкул кеби менен сөзүмдү аяктайм:

«Кыргызстан куштун эки канатындай: бир канатым түштүгүм, бир канатым – түндүгүм».

Атайын INTER.KG үчүн1234453_566294826771181_1417930593_n

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс