• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

KG групп компаниясы Рамазан айынын урматына муктаждарга “орозо баштыгын” таратты (фото)

Автор:ruh_admin

Июн 29, 2016

photo_2016-06-29_14-20-40Бишкек, 29-июнь /ca-irnews.com/. Бүгүн, 29-июнда борбор калаадагы KG групп курулуш компаниясы Ыйык Рамазан айынын урматына жардамга муктаж, аз камсыз болгон жана майып адамдар жашаган  200 үй-бүлөлөргө “орозо баштыгын” таратты. Жалпы суммасы 1000 сомго жакын бул баштыкта суу май, макрон, күрүч, кесме, чай, таттуулардан турган күнүмдүк турмушка керектүү азык-түлүктөр бар. “Орозо баштыгын KG групп компаниясынын президенти Имамидин Ташов ишкананын башкы кеңсесине келген жардам алуучуларга  өзү таратып, сөз сүйлөдү. Ал эми жардам алуучулар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары болуп саналат. Алар мурда аталган курулуш ишканасына күнүмдүк турмушка керектүү муктаждыгына жардам сурап кайрылышкан.

“Мусулманчылыктын беш парзынын бир парзы болуп саналган Ыйык Рамазан айындагы орозо кармоо бир гана эртеден кечке наар албай, ачка жүрүү эмес, момун мусулмандар үчүн жан дүйнөсүн кошо тазартуу, колунан келгендерге кайрымдуулук, мээримдүүлүк иш чараларын өткөрүү да болуп саналат. Ошондуктан биз бир нече жылдан бери майыптар менен жардамга муктаждарга “Орозо баштыгын” таратууну салтка айлантып келатабыз. Ошол иш чараны быйыл да улантып, 200гө жакын үй-бүлөлөргө күнүмдүк турмушка керектүү азыктардан турган, жалпы баасы бир миң сомго барабар азык-түлүктөрдү берүүнү чечтик. Тилекке каршы бүгүн жардам алуучулардын баардыгы эле шартына байланыштуу келе алышкан жок. Алардын үйлөрүнө бирден коробкага салынган азыктарды жеткирип беребиз. Биз деле башкаларга окшоп, кайсы бир кафе же ресторанда ооз ачар – ифтар өткөрүп, жоро-жолдошторубузду чакырсак болмок. Бирок бир адам келип, бир ирет курсагын тойгузуп кеткенден көп деле соопчулук иш жасалбайт. Андан көрө биз ар бир үй-бүлөгө бир жумага жете турган азыктарды берүүнү чечтик. Бул деле аларга айлык азык болбойт. Анткен менен аз болсо да муктаждыгы чечилип, эң негизгиси өздөрүн коомдон башкача сезген жарандарыбыз көңүлү көтөрүлүп калат. Бир чети биздин ушул демилгебизди башка да колунан келгендер колдоп кетсе, коомубуздагы көйгөйлүү маселелер жеңилдеп калат эле,- деди ал.

photo_2016-06-29_14-20-47

photo_2016-06-29_14-20-59

photo_2016-06-29_14-21-09

photo_2016-06-29_14-21-25

photo_2016-06-29_14-21-31

29.06  16:11

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс