• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

Эрдоган Путин менен жоолугушат

Автор:ruh_admin

Июн 28, 2016

photo_2016-06-28_12-27-33Fars кабар агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган ушул жуманын шаршемби же бейшемби күнү Путин менен жолугушаарын кабарлады.
Кремль өкүлү Дмитрий Песковдун айтымында, Эрдоган Путинден мүмкүн болушунча тезирээк достук мамилелерин кайра түзүүгө чакырган. Ошондой эле өткөн жылдын ноябрь айында Түркия тараптан атып кулатылган Орусиянын Су-24 истребители үчүн да кечирим сураган.
Баарыбызга белгилүү болгондой, өткөн жылдын ноябрь айындагы Түркиянын F-16 согушкери Орусиянын Су-24 истребителин атып түшүрүп, натыйжада эки орус учкучунун бири өмүрү менен кош айтышкан. Ушул окуядан кийин орус-түрк мамилелери тирешүүгө туш болгон эле.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс