• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

ШКУ саммитинде жан-жөөкөрү Атамбаевди уят кылды (видео)

Автор:ruh_admin

Июн 27, 2016

Атамбаев
Кечээ, 24-июнда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кеңири курамдагы 15-юбилейлик саммитинте Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү. Кызыгы, дүйнө коомчулугу Атамбаевдин сөзүнө эле эмес, анын артында отурган жан-жөөкөрүнүн адепсиз кылык-жоругуна дагы күбө болушту. Жаш балача колун кайра-кайра оозуна салып ойноп, эриккенинен жарылып кете жаздап араң отурган бул эргул ким? Канчалаган өлкө лидерлеринин алдында акылга сыйбаган жүрүм-туруму менен өзүн эле эмес алдындагы “шефинин” дагы абийрин төгүп салды. Ажо дагы тегерегинде жүргөн адамдарга бир көз чаптырып алса жакшы болмок экен. Айрыкча мындай эл аралык деңгээлдеги жолугушууларда…

Булак: kyrgyztoday.kg

https://youtu.be/Q4oyJkPBNeI

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс