• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылуу!

Автор:ruh_admin

Июн 27, 2016

Акыркы учурда кыргыз саясатында, коомдук турмушунда болуп жаткан жүрөк титиреткен окуялар өлкөбүздүн бүгүнү жана эртеңкисине кайдыгер карай албаган жарандардын катарында мени да көп санааркоолорго салды. Элибиздин мыкты делген уулдары бири-бирине ат көтөргүс оор айыптарды тагып жатса, жөнөкөй жарандарыбыз кылым кыргыз укпаган тири шумдук кылмыштарды жасап, дүйнө элинин оозунан келмесин түшүрүп турган чагы. Коомдун деградациясы жетчү чегине жетти окшойт. Мунун баары – узак сөз.

Мен бул кайрылуумда коррупцияга каршы күрөш деген туунун астында жүрүп жаткан саясий куугунтуктар, эсептешүүлөр, өч алуулар жөнүндө кеп козгогум келип турат. Бул күрөш мамлекеттин келечеги үчүн эмес, оппоненттерди алсыратуу, керек болсо көзүн тазалоого багытталгандыгы саясий Олимптин туу чокусундагы кызмат адамдары эмес, жөн жай жарандарга да байкалып тургансыйт. Түштүк борборубуз Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун тегерегинде түзүлгөн кырдаал буга айкын мисал.

Көпчүлүк элге дайын болсо да 5 жыл мурунку тарыхка кайрылуу зарылдыгы келип чыгууда. Каргашалуу 7-апрелден 8-апрелге караган түнү ошол кездеги ПрезидентКурманбек Бакиев Ошко качып барып, элдин жердешчилик сезимине ойноп чоң кутумду баштаарда калың эл тарабынан мэрлик постунда калган Мырзакматов эбегейсиз роль ойногон эле. Түштүк аймагы бир тал ширеңке таштаса «дүрт» деп от алчудай кооптуу абалда турган. Курманбек Бакиев Кокон хандыгына нечен бүлүк салган даңазалуу бабаларынын жолун жолдоп, Кыргызстандын түштүгүн бөлүп кетүүгө астейдил аракет кылган. Бери болгондо жарандык согуш, жаман жагына оосо мамлекеттин жок болуусуна алып келүүчү мындай опурталдуу кадамды дал ушул Мырзакматов баштаган духу жогору, патриоттук жигери күчтүү жигиттер болтурбай койгон десек аша чабуу болбостур. Анткени ошол кезде Убактылуу Өкмөт дайындаган облустук бийликтин элде ныпым кадыр-баркы жок эле.

Апрель окуяларынан кийин өлкө түштүгү устаранын мизиндеги абалда турду. Сепаратисттер баш көтөрдү. Борбордук жетекчилик бийлик бөлүштүрүү кумарына кирип алып түштүктөгү абалга жеткиликтүү көңүл бурбады. Кыргыз саясатчыларынын бийлик талашкан кырды-бычак мамилелерине мыйыгынан күлгөн сепаратисттердин анабашыКадыржан Батыров Би-Би-Си радиосунун кыргыз кызматына: «Биз бул күндү 20 жыл күткөнбүз» деп ачыктан-ачык провокациялык маек бергени дале элдин эсинде. Кутумчул мекендештерибиз жеке менчик телерадиолордон байма-бай сепаратисттик маанайдагы чакырыктарды таштап турду.

2010-жылдын июнь айындагы Ош жана Жалал-Абад шаарларында болгон окуялар эгемен Кыргызстандын тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды. Мурдагы эки ыңкылапта боло жүргөндөй бул кандуу окуяларда да негизинен карапайым эл жабыркап, жөнөкөй жарандардын өмүрү кыйылды, өмүр бою терип-тепчип жыйнаган оокаты заматта күлгө айланды.

«Айыл ичи ала, бөрү көрсө биригет» дейт кыргыз накылы. Ош окуялары башталганда ич ара ит-мышык болуп тытышкан кыргыз эр-азаматтары бир муштумдай болуп түйүлө калышты. Түндүктөн чыккан мыкты уулдар: Мухтар Өмүракунов, Садыр Жапаров, Өмүрбек Бабанов, ж.б. жүздөгөн кыргыз азаматтары кан жутуп турган Ош элине биринчилерден болуп жардамга барышты. Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Мелис Мырзакматовдор каруусун казык кылып, өрт аралап эл ичинде жүрүштү. Булардын кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калуудагы эбегейсиз мээнетин борбордук бийлик учурунда баалаган жок. Тескерисинче «реваншисттер», «Бакиевдин куйруктары» деген жарлыктар тагылып турду. Албетте, бул жерде саясий, улут аралык кылдат маселелер бар эле. Жогоруда сөз болуп жаткан жигиттерди мамлекеттик деңгээлде сыйлоо саясий одоночулук болуп, эл аралык коомчулук тарабынан туура эмес кабыл алынышы мүмкүн эле. Негизи бул эр-азаматтар өз аракеттерин сыйлык алуу, элге көрүнүү үчүн жасабагандыгын калың калк билет. 2010-жылкы парламенттик шайлоодо эл бул жарандарга өз баасын берди. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2010-жылкы июнь окуяларына саясий баа берген токтомунда: «Мында Ош шаарынын мэри М. Ж. Мырзакматовдун жана Ош областынын губернатору С. Ш. Жээнбековдун оң аракеттери эске алынсын» деп токтом чыгарган.

Тагдырдын тамашасын караңыз. Эми ошол кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн сакталып калуусу үчүн каруусун казык кылган жигиттер кандай абалда? «Замандаш» партиясынын негиздөөчүсү, элибиздин мыкты уулу Мухтар Өмүракунов табият кырсыгынан ажал тапты, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов камалып, саясий мунжуга айланышты. Ахматбек Келдибеков өтө оор айып тагылып, өлкөдөн сыртта жүрөт. Реформачыл духта иштеп жаткан Өмүрбек Бабанов болбогон шылтоолор менен кызматынан оодарылып, мамлекет үчүн жумшачу потенциалы колдонулбай, эл багар жигит өз жанын багып көртирлик убарасында. Эми минтип Мелис Мырзакматовго да кылмыш иши токулуп, бул азамат да өлкөдөн сыртка чыгууга аргасыз болду.

Учурда сепаратисттердин көчөсүндө той!

Мелис Мырзакматовго Ош шаарындагы көпүрөнүн курулушу, Манас эстелигинин тургузулушу боюнча оор айыптар тагылды. Көпүрөнүн курулушунун мыйзамдуулугу, бардык архитектуралык талаптар сакталгандыгы, курулуштун бюджети боюнча Мырзакматов өзү жакында билдирди.

Мени жөнөкөй жаран катары көпүрө курулушундагы элдин духу таң калтырган эле. Ош шаарынын жашоочулары, коноктору катышкан чоң марафондо көпүрө курулушуна кары-картаңдар пенсиясын, иштеп жаткандар айлык акыларын, ал эми студенттер болсо кымбат баалуу мобилдик телефондорун, шакек-сөйкөлөрүн ортого ташташкан. Жалпы журтка таанымал ырчы, чоорчу уул-кыздар жүз миңдеген сомдорду көпүрөнүн курулушуна которуп башташкан. Бизде дайыма боло жүргөн мындай иш-чаралардан айырмаланып, марафонго эч ким эч кимди мажбурлап айдап келген эмес эле.

Мындай фактылар дүйнө тарыхында Түштүк Кореяда, Японияда болгону көпчүлүккө маалым. Кыргыз эли да эгер бийлик алдабаса, жакшылык үчүн, өлкө келечеги үчүн акыркы чычкак улагын да садага чабууга даяр гумандуу эл. Чоң Чүй Каналын, Бишкек-Балыкчы темир жолун, Отуз-Адыр каналын элибиз кетмен-күрөк менен эле курбады беле? Духун ойготуп, кайратын бир жакшы ишке багыттаса, эл тоо томкорор күч экен го.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

«Айкөл Ала-Тоо» кыймылынын бир жолку жыйынында өзүңүз катышып, Япониянын башына түшкөн каргашалуу Фукусима авариясында япон жигиттери өз өлкөсүнүн келечеги үчүн өлүмгө карай кеткендигин мисал келтирген элеңиз. Апрель Баатырларынын үй сураган тизмеси улам көбөйө бергенде каңырыгыңыз түтөп, япондорду мисал тарткансыз. Муну эске түшүрүп жатканым, духун ойготсо, ишенимине татыса, кыргыз эли да япондордон кем эмес баатырлыкка барчу эл экен. Мелис Мырзакматов ошол духту шаар масштабында ойгото алды деп эсептейм.

Азыр деле Оштогу көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат. Бирок. мен сөз кылган демдин, элдин колдоосунун бири жок. Менин билишимче, сырттан келген кредит, гранттын эсебинен курулуш уланууда. Ал курулушта мамлекеттин салымы азыраак окшойт.

Мырзакматов мэр болуп турган кезде Ош шаарына барсаң, шаардын камкор, чарбачыл кожоюну бар экендиги кадам сайын сезилип турар эле. Араба түрткөн карапайым жигитке жолугасыңбы, жогорку кызматты аркалаган атка минерге жолугасыңбы, баарынын көкүрөгүндө үмүт бар эле. «Мелис антип жатат, Мелис минтип жатат, бул иш башталды, тигил иш башталды, Мелис аягына чыгарат!» — деп атасын дүйнөдөгү эң кыйын адам санаган жаш баладай ар бир жашоочуда ишеним бар эле. Бул сезим мени таң калтырчу. Жашырганда эмне, Ошко бир чемодан менен барып, 5-6 «Камаз» дүнүйө менен Бишкекке кайткан чондордун да далайын байыркы Оштун эли көргөн. Ал дүнүйөнү кошоматчы туугандарыбыз чогултуп берчү . Мелис Мырзакматов салтка айланган ошол кошоматчылыкка, коррупцияга да чекит койгон эле.

2014-жылдын 15-январындагы мэрдин шайлоосу болуп көрбөгөндөй булганыч өттү. Урнанын башына бир адам олтуруп алып, Ош шаардык кеңешинин депутаттары кимди белгилегендигин ошол кишиге көргөзүп туруп, бюллетенге салып жатышты. Мэриянын алдында Мырзакматовду колдоп келген он миңдеген элдин сүйүүсүн амалпараз ага-эжелерибиз уруп ойногон жок. Борбордук телевидениеден дайым чыга калчу политолог сөрөйлөр Мелис Мырзакматов ар бир митингчиге 5000 сомдон таратып жатат деп маалымат беришти.

«Эл оозунда элек жок» экен: ар бир депутат менен криминалдар «иштеген» имиш ошол мэр шайлоонун алдында. Элдин имиши туура чыгып калчу эле. Азыркы саясий күрөштө криминалдык чөйрөнүн «кызматы» бийлик тарабынан кеңири колдонулуп жатат дешет. Анда 2006-2007-жылдардагы сиздер баштаган оппозициянын митингдериндеги «Криминал менен чырмалышкан бийлик жоголсун!» деген талаптар, азыркы бийликтин негизги актору, Конституциянын атасы делген Өмүрбек Текебаевдин «Биз бийликке келсек, криминалдар өлкөдөн көчүп кете башташат» деген убадасы кайда? Тескерисинче, криматалыктар кызыл килем үстүндө, падышалардан ашыкча сый-урмат менен узатылып жатпайбы. «Азыркы бийлик өз оппоненттерине каршы криминал дүйнөсүн колдонуп жатат, Мырзакматовго да ошол айла-амал ишке салыныптыр» деген маалыматтардын элде таралып жатышы ушул кыстырманы кошууга аргасыз кылды.

Албетте, Мелис Мырзакматов да баарыбыз сыяктуу эле күнөөсү көп пенде. Эзелтеден бийлик ээлерин кошоматчы жазмакерлер бузуп, чындыктан алыстатып турган. Ал мэр кезинде шаардык гезит «Кылымда бир жаралган инсан!», «Кайталангыс феномен» деген сыяктуу аталыштагы үзүктөй-үзүктөй макалаларды, Мырзакматовду Айга, Күнгө теңеген одаларды жарыялап турушту. Мен андай материалдарга каршы болуп: «Реалдуулуктан алыстабагыла, бир көрпендени мынча көкөлөтпөгүлө! «Кыргыз туусуна» сандан санга макаласы жарыяланып, «Үмүт шооласы өчпөйт» деген китебин раматылык Чынгыз Айтматов шедеврге теңеп жиберген Майрам Акаева эмне болду? – деп оштук туугандарыма жаман көрүнгөн жайым бар.

Мактоолор ар кайсы адамды бузат окшобойбу, Мырзакматов да анча-мынча сезимге алдырып жиберген учурлары болду. Балким кылкылдаган элдин деми, массанын мас кылган кумары ооздон жаңылтып: «Ош — менин шаарым» деп кыйкыртып жибергендир. Эл алдында ойду-тоону сүйлөп салыш кыргыз саясатчыларына мүнөздүү көрүнүш. Андай сапат айрым саясатчыларыбыздын каны-жанына бүткөн десек да жаңылышпайбыз.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Бир мамлекеттик кызматчыны даярдоо бери жагы 20 жылды талап кылган узак жараян экенин жакшы билесиз. Он жыл орто билим, беш жыл жогорку билим, беш-он жыл тажрыйба дегендей, бир мамлекеттик кызматчыны чыгаруу ого эле оор жумуш.

Коррупцияга каршы күрөш деген туунун алдында бүт эр-азаматтарыбызды ташыркатып салбайбызбы. Кылым кытай эмеспиз, жүз миллиондогон орус эмеспиз. Өлкөбүздүн 5 млн. калкынын 1 млн. миграцияда, 600 миң пенсионерибиз бар, ошончого чамалаш мектеп окуучулары бар. Эл башкаруу тажрыйбасына ээ деген эки жүзгө жетпеген уул-кызыбыз бар. Бийлик алмашкан сайын бирин-бири тизеге чаап, камап, атып, андан калганы чет өлкөгө качып, үркөрдөй кыргыз эли азая береби?

Мамлекеттик иш аябай оор, айрыкча кыргыздардай бейбаш, ар бири падыша болгусу келген, дымагы ай чапчыган элди башкаруу азаптын азабы экенин Сизден жакшы эч ким билбес. Анан ушул кызматтагыларды жакшынакай узатуу, иштөөгө стимул берүү салты качан калыптанат бизде? Мына Сиз Президент болгондон бери эле канча Өкмөт алмашты? Бардыгын жаманатты кылып, башынан ылдый жугунду куюп кетирип жатат Парламент. Кечээ эле өздөрү шайлаган Өкмөт Башын, Өкмөт мүчөлөрүн ит талагандай кылып кетирүү салты пайда болду. Кечээгибизди каралоо, өзүбүздү өзүбүз тана берүү жакшылыкка алып келеби? «Баарыбыз күнөөлүүбүз! Эми ушуну жалпылап оңдойлу!» деген жеке таарыныч, жердешчилик, партиялык кызыкчылыктардан жогору турган сезим бизде качан калыптанат? Эртең эле Сизди да ушинтип каралабайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Өздөрүн саясий элита деп санагандардын баары бирин-бири тааныйт, куда-сөөк, тууган, бири-бирине өкүл ата, өкүл эне. Партия деген саясий түзүм деле кыргыз кыртышына түзүк сиңбеди. Классикалык түшүнүктөгү партияларда жок дегенде лидерлер өз идеясына ишенип, ошол идеясынын ишке ашуусу үчүн күрөшөт. Идеясын, лидерин, артында ээрчиген элин сатып, бир партиядан бир партияга секирмей, үй-бүлө сырын көчөгө ташыган жаман аялдай, кечээги эле өнөктөшүнө жугунду куймай адатка айланды. «Бир уйду мүйүзгө чапсаң, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» дегендей, башынан ылдый далилсиз компромат куюлган саясатчылардын тууган-урук, дос-жарларынын абалын ким ойлоду?

Байыркы Римдин жашоочулары гладиаторлор урушун кумарлана күтүп, ошол оюндар элди күнүмдүк көйгөйлөрүн унуткарып, алаксытып турчу экен. Биздин эл да азыр саясатчылардын оозун тиктеп аңкайып отуруп калдык. «Дагы ким кимди согот?», «Дагы кимдин абийирин айрандай төгөт?», «Дагы ким кимди зордуктайт?». Ушинтип жүрөкзаада болуп, гезит бетин ачкандан, телевизор көрүп, интернетке киргенден заарканчу болдум. Жаңы жылдан бери үмүт арттырган, жүрөк жылыткан бир да жакшы жаңылык уга элекмин.

Эзелтеден мындай кыйчалыш учурда аксакалдар, эл жакшылары элди биримдикке, ынтымакка, эмгекке үндөчү эле. Азыркы аскакалдардан андайды деле эшите албадым. Же сөзсүз эле, кыйкыртып бээ союп, алдына уча тартып, казы-карта, чучукка тайгалатканда сөз чыгабы азыркы аксакалдарыбыздан.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Өлкөдөгү мындай социалдык-моралдык адам чыдагыс абалдын түзүлүшүнө бийлик башына келген, улут каймагы делген сиздер жооптуусуздар! Бири-бириниздерди өтө жакшы тааныйсыздар. Ынтымакка келип, ийри отуруп, түз кеңешсеңиздер кантет!

Сиздер ынтымактуу болсоңуздар өзүн багып келе жаткан эл Алланын амири менен өзүн гана эмес, миңдеген атка минерлер армиясын, 20 миңдей кыргыз армиясын, 5 миңдей баканооз коопсуздук кызматкерлерин, 600 миң пенсионерди, 20 миңден ашык укук коргоо кызматкерлерин, мугалим, врач, молдо, артисттерди, 15 миңдей түрмөдөгү кылмышкерлерди, ал аз келгенсип ондогон уюшкан кылмыш группаларын да бага берет!

Мамлекеттин башчысы катары эл өзү көтөрүп чыккан лидерлерди бооруңузга тартып, кайра ошол элдин кызматына койсоңуз кантет. Саясий атаандашуу жер-жерге бөлүнүү эмес, идеялардын күрөшүнө айланчу мезгил эбак келди.

Кыргызстаным жазда, күздө оорусу кармаган жинди адамдын кейпин кийди. Эми да мекендештерим жазда эмне болуп кетер экен санааркап отурушат.

2011-жылы 24-мартта Президенттик Резиденцияда кыргыз-орус бизнес форуму болгон. Ал иш-чарага уюштуруучу катары катышып калган жайым бар. Ал кезде Сиз Премьер-Министр элеңиз. Ошол иш-чаранын ачылышында Сиз: «Жазды жаздай, жүрөктөгү жылуулук, илгери үмүт менен тосолучу» деген элеңиз. Ошол сөзүңүз азыр да актуалдуу. Жараткандын жазы өз кезеги менен келе берет. Ошол жазды жагымдуу, жакшылыктардын жазы кылуу – Сиздердин, бир ууч саясатчылардын колунда!

Сөзүмдүн акырында, таанымал имам ал Фузейлдин төмөндөгү сөзүн мисал келтиргим келет: «Эгер менин кабыл боло турган дубам болсо, аны падышабыз үчүн түздүк менен тууралыкты сурап дуба кылат элем. Биз, мусулмандар, падышаларыбызга жакшылык тилеп дуба кылууга буйрулганбыз! Алар бизге зулумдук кылса да, жабыр тарттырса да аларга жамандык тилеп дуба кылууга буйрулган Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылуу!эмеспиз! Себеби. алардын зулумдугу менен тарттырган жабырлары өздөрүнүн жана мусулмандарынын зыянына болот. Алардын жакшылыгы менен оңолуусу өздөрү менен мусулмандардын пайдасына болот!»

Кээ бир замандаштарым сымал, падышабызга башынан ылдый жугунду куя берүүдөн алысмын. Мусулман дүйнө таанымыма ылайык мындай кылууну туура эмес деп эсептейм. Дүйнөдөгү бардык мусулмандарга, анын ичинде Кыргызстан элине да Жараткандын жакшылыгын тилеп дуба кылам!

Урматым менен Нургазы Мусаев, Бишкек шаарынынын тургуну.

Атайын «INTER.KG» үчүн

(Автордун бул макаласы 2015-жылы 29-январда жарык көргөн)

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс