• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Имам Сарахси ким болгон? (фото)

Автор:ruh_admin

Июн 27, 2016

IMG_0553Бишкек, 27-июнь /ca-irnews.com/. Ал Шамсул-Аимма (имамдардын күнү) деген ат менен да таанылган “Альмабсуут” чыгармасынын автору Абу Бакр Мухаммед ибн Абу Сахл Ассарахси – ислам фыкхчыларынын жана ханафий мазхабынын укук таануучуларынын эң атактууларынын бири.

«Имамдардын күнү» Имам Сарахси укук таануучу гана болбостон, «калаам жана мунаазара» тармагында дагы таанымал аалымдардын бири катары саналат.

Ал азыркы күндөгү Марв жана Мешхет шаарларынын Түркмөнстан менен Ирандын чек арасында, Көөнө Хорасан аймагынын «Сарахс» жергесинде же ушул чөлкөмгө жакын жерде 400/1009-жылы дүйнөгө келген. Имам Сарахси деп аталышынын себеби дагы ушуга байланыштуу. Кичинесинен тартып эле илим алууга умтулган И. Сарахси Бухара шаарында улуу укук таануучу Шамсул-Аимма Халвааний, Ас-Сугдий, Абу Хафс бин Мансур Ал-Баззааз сыяктуу улуу илимпоздордон сабак алганы айтылат. Илимге болгон кызыгуусунун, тынымсыз аракетинин аркасында тез эле элге таанылат. Устатынын илим таратуу ордун ээлейт.

«Шамсул-Аимма» атагы да устатынан кийин берилет. Акырында ал ошол учурдун өкүмдары тарабынан Өзгөн шаарындагы зынданга салынат. Окуучулары таштабастан, ал камалган кудуктун айланасында чогулуп, сабактары уланат. Сарахсинин атактуу китеби болуп саналган 30 томдук «Мабсут» китеби ушул кудукта он төрт жыл ичинде жазылган. Бул китепти имам Сарахси эч бир адабиятка карабастан шакирттерине оозеки түрдө айтып берип жаздырган. Мабсут китеби анын жаздыруу аркылуу жазган жалгыз чыгармасы эмес. “Шархус-Сийарил-кабир”, “Шарху Зийаадатуз-Зийаадат (ан-Нукат)”, “Шарху мухтасарит Тахаавий”, “Шахру жаамиуссагиир”, “Ал-Усуул” сыяктуу чыгармалары шакирттерине жаздыруу аркылуу дүйнөгө келген жана азыркы күнгө чейин жеткен.

Имам Сарахси хижрий V кылымдын аяк чендеринде дүйнөдөн кайткан Фахрул-Ислаам Паздави (482/1089) жана анын бир тууганы Садрул-Ислаам Паздави жана Дабусийден (430/1039) кийинки усулул-фыкх тармагында эң алдыңкы үч кишинин бири болуп эсептелинет. Өз чыгармаларын ислам дүйнөсүнүн орток тили болгон араб тилинде жазуу менен бирге фарс тилин дагы колдонгон, фыкх илиминин жанында математика жана алгебра илимдеринде дагы билимдүү болуу менен бирге ыр жазуу менен алектенгендиги дагы кээ бир маалымат булактарында айтылууда.

Имамдардын күнү болгон Сарахси 483/1090-жылы Өзгөндө көз жумган. Анын күмбөзү Өзгөн шаарына тургузулган. Күмбөз жөнүндө эскерүүлөр Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей-комплексинин башчысы жана тургуну Авазбек Турсунбаевдин эскерүүсү боюнча, 1960-жылдары Өзгөн шаарынын Үч-Дөбө деп аталган бөлүгүнүн батыш тарабында беде талаасы болгон. Талаанын ортосунда байыркы кирпичтерден жасалган узуну 3,5 метр, туурасы 2,5 метр, бийиктиги да 2,5 метр, алдыңкы дубалы арка көрүнүшүндөгү мазар бар эле. Сыйынуучулар койгон чырак, шамдан карайып кеткен арабча жазуулары бар 2 таш, Өзгөндүн башка жеринде кездешпеген чоң чилан жийде бак-дарактары болгон.

Мазар-Ата, ал эми молдолор жана ислам дини жөнүндө илим ээлери Мазар Ажали-Сарахси деп аташкан. 1970-жылдары жерлер жеке менчик үй куруу үчүн элдерге бөлүнүп берилсе да, мазарды ыйык көргөндүктөн, эч ким коруп алган эмес. Кароосуз калып бузула баштаганда, Каримжан аке деген ыймандуу инсан, өтүкчү уста өзүнүн эсебинен ак силикат кирпич алдырып, мазарды оңдоткон.

1994-жылдары “Мадрасатул ыйман” гезитинде Оштун казысы болуп турган Рахматулла карынын Имам Сарахси жөнүндөгү макаласы жарык көрөт. Анда Өзгөндө зынданда жатып шакирттерине оозеки айтып берип “Мабсут” деген китебин жаздырганын айтып, аалымдын мүрзөсү Өзгөндө болушу мүмкүн деп божомолдойт.

“Мен Ошко келип, биздин 7-10 жашар кезибизде аксакалдардан уккандарыбызды айттым. Ал ошол күнү эле келип мазардын таштарын окуду. Бирок таштарда Сарахси жөнүндө маалымат жоктугун айтты”, – деп эскерет Авазбек мырза.

2000-жылдары Рахматулла кары Сауд Арабиясынан араб тамгасы менен жазылган Имам Сарахсинин китебинен Өзгөндөгү зынданда жазылганын тастыктоочу жерин арабча окуп, которуп берген. Ошол мезгилдерде Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин мугалимдери жана студенттери да Имам Сарахсинин мазары боюнча өз изилдөөлөрүн жүргүзүшкөн. Бирок алар жаңылып, Азирет Нисабуринин мазарын көрүп кетишкен. В. Д. Горячеванын “Орто кылымдагы Кыргызстандын шаарлары” деген китебинде Өзгөндүн 3-Питомник көчөсүндө Ажал-Сарахси мазары жайгашкан деген жазуу табылгандан кийин Авазбек Турсунбаев менен биргеликте эл аралык “Илим жаюу” фондунун түркиялык мүчөлөрү: Озар Раваноглу жана ыраматылык Фикрет Оздундар менен китептин авторун издеп табышат.

Археолог айым Валентина 1960-жылдары Өзгөндө жашаган аксакалдардан жана араб тилин билген имамдардан сураштырып атып, Өзгөндөгү бардык тарыхый мазарлардын аттарын тактап жазгандыгын айтып берген. Далилденгенден кийин коомчулукка жайылтылып, жакшы өбөлгөлөр түзүлгөн. Ошентип, 2007-жылы Түркиянын Диянет иштери башкармалыгынын чакыруусу менен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи М. Жуманов, Ош МУнун ректору М. Орозбеков, теология факультетинин деканы А. Каримов жана Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей-комплексинин башчысы А. Турсунбаев Анкарага барып, күмбөздү жаңыртуу боюнча келишим түзүшөт. Андан кийин Стамбулга барышат.

Имам Сарахсинин китептеринин негизги изилдөөчүсү жана котормочусу Мустафа Жеват Акшит менен жолугушат. Ал киши Имам Сарахси абактан чыгып Маргалаңда кеткени менен, бүгүнкү күндө Маргалаңда бир дагы изи табылбаганын жана аалым өмүрүнүн соңку күндөрүн ошол мезгилде Мавераннахрдын борбор шаары болуп турган Өзгөн шаарында жашап, ошол жерде каза болгондугун тастыктап, Диянет фондуна аныктама кат бергенин айтат.

2012-жылдын 8-ноябрында Кыргызстанда мурда кездешпеген эл аралык мааниге ээ байыркы Караханиддер архитектурасына уйкаш көркөм архитектуралык ансамбль – Имам Сарахсинин зыяратканасы кыргызстандыктарга белек кылынды. Күмбөздүн долбоорун “Кыргызреставрация” долборлоо институтунун башчысы Жумамедел Иманкулов чийип, аны курууда кирпичтери Өзбекстандын Хива жана Бахмал шаарларынан атайын алынып келинген.

Имам Сарахси чыгармаларындагы бардык пикирлеринде жана мазхабдар тууралуу ойлорунда эч бир тарапка ообой, объективдүү көз караш менен талдап, анализ жүргүзгөнү айтылат. Маселелерди кароодо философиялык ой жүгүртүп, ханафий мазхабдагы маселелерди чечкен алгачкы укук таануучулардын бири болуп саналат. Ал саясий чечимдердин арка планына таасирин тийгизген алдын ала көрө билүү жана ишендирип, жеткире алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон.

Э. Момунов.

IMG_0554

IMG_0555

IMG_0561

IMG_0563

IMG_0565

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс