• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Белгилүү ырчы Бек Борбиевдин паспорттон «кыргыз» деген жазууну алып салуу тууралуу пикири

Автор:ruh_admin

Июн 27, 2016

13239115_1199253486774067_1116556697008900700_n«Ой ордону» кордум урматтуу фейсбук тармагындагы замандаштар. Мына ушул телеберуудон сон Туголбай, Кыяз агаларга ич дуйномдон кылып жургон урмат-сыйымды тарттым. Эми алар мага катардагы кыргызга кайдыгерчилик кылып жургон гана адамдар. Ал эми Тайыр экообуз бир айылда чонойгонбуз, тентуш болуп. Тайыр мырза деп жазайын дедим, бирок «мырза» деген созго сен дагы деле татыктуу эмес экенсин.
Тайырдын айтуусу боюнча фейсбукта болуп жаткан талкуулар «тайкы» экен. Менимче, тескерисинче бугун сен «демилгечи» катары озундун баардык жагынан тайкы экенинди далилдедин. Бир дагы жуйолуу аргумент келтире алган жоксун, эмнеге кыргыз улутун графадан алып коюш керек экенине. Эгер баардык улуттар кыргыз жараны болуп калса ынтымак болот, чек араны барып биз менен бирдикте кайтара баштайт деген таризде тантырайсын. Эмне алар бугунку кундо башка олконун жараныбы?? Алар азыр деле кыргыз жараны, Тайыр! Алардын, биздин баарыбыздын паспортубузда «кыргыз жараны» деп кашкайып азыр дагы жазылып турат. Башка этностор бул маселеге каршы болсо тушунот элем деп мыйыгынан кулосун, уяты жок. Алар балким, кайра ичинен кудундап суйунуп аткандыр , аны билээр бекенсин, туяр бекенсин. Же, себеп жанакы озун айткан «корунбогон жипте» болуп журбосун, коп кайталап калдын. Ал улуттар арасындагы эмес эле, сени ушундай кыласын деп буйруп, муунтуп аткан «жип» болуп журбосун
Баш мыйзам бузулат деп юридика илимдеринин доктору айтып отурду, ага жооп бере албай, паспорттун тарыхын саймедирейсин. Озун менен барган киши, айтып ийди, озунун созуно каршы суйлоп. Улуттук биримдик- улутту жазбай койгондон эмес деп. Анда эмнеге алып жатасынар?? Улуттук биримдик менен байланышы жок болсо? Эмне анда, жон эле, ( улуу создо уят жок )кыргыз деген жазуу «бир» жеринерди ойкоп атабы?!
Айтор бугунку «ой ордодон» кийин, « улуту» деген паспорттогу графаны алып коюнун кереги жок экенине дагы бир ынандым. Турктор улутун жазбай коюп олкосуно ынтымак алып келе алган жок, курттордун толкуганы толкуган. Европа -улутун жазбай коюп террактарды токтото албай келишет. Демек, кеп улутту жазбай коюда эмес экен. Албетте мен дагы кыргыз жараны катары олкобуздо тынчтык, ынтымак болушун каалайм. Бирок мындай жол менен эмес, анын башка миндеген жолдору бар эмеспи
Манасты мисал келтиресинер.. Айкол Манас-бизге кыргыз мамлекетин, кыргыз улутун сактап, тапшырып кеткен. Бар кучунор менен сактагыла урпактарым деп.. Ооба тилеке каршы кээ бир олколорго окшоп ондогон-жуздогон миллион, миллиард болуп сакталбадык,азбыз. Мына ошол аз экенибизде – коркунуч! Улкон элдерге тенелебиз деп жоголуп кетууго себеп ишти жасайсынар.. Жогорку технологиялар, глобалдашуу заманы менен Манас атабыздын заманын тенеп, паспорту жок деле улут болуп келгенбиз деп куйгузбогулочу.Анда Манас атабызга окшоп, дуйного ач курсактын айынан чилдей таркаган кыргызды топтобойсунарбы!? Элдин санын 10-20 миллиондон ашырып алып анан которбойлубу бул маселени.. Жокбу..? Анда шугур деп, улутубузду паспортко жазып эле тура турбайлыбы?! Кобойбой, чет олкого кетип азайып атсак.. Мына ушул себептерден, азыркы кезде бизге Кыргыз деп паспортто жазылуу эн зарыл, эн гана керектуу мезгил! Улутту сактап калууга ийненин козундой мункунчулук болсо да, башка элдерди билбейм, бирок биз жармашышыбыз керек. Манастын улутуна каршы иш жасап, мындан ары кайра аны мисал кылбагыла, кыянатчылар
Улуттук идеалогия дейсинер, улуттук идеалогияга каршы болуп алып. Автономия сурап, жарга такайт деген жообун дагы кызык болду. Эми корко турган ошол эле калды эле.. Бул маселенин да саясий чечиле турган мин жолу бар, Тайыр
Аттин, мен сыйлап, идеал тутуп жургон агаларым баш болуп , ушул неселердин баарын тушунуп, билип туруп ушундай тарыхый катачылыкка барып жатасынар. Бул сасыган «демилгенерди» кучко салып болсо да откоргону калыпсынар, бирок мен ишенем.. Бийликтен кетеринер менен бул «катачылыгынар» ондолот, кайрадан улутубуз паспортко жазылып, адилеттуулук орнойт замандаш!
Ооба катуу айтып алдым, катуу тийсе.. Менин да кыргыз катары келечекке, муундарга жеке озумдун жоопкерчилигим бар. Ушул улут деп которулгон маселе учун бироого жакпай калсам, бироо менен суйлошпой, учурашпай калсам, кайылмын. Орозо кабыл болсун бир туугандар, асаламалейкум

(Бул макала автордун Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс