• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Эми сен  кыргыз эмессиң, Эштек

Автор:ruh_admin

Июн 23, 2016

скачанные файлыМамлекеттик каттоо кызматы (МКК) тарабынан өлкө жарандарынын негизги документи болуп саналган ID паспортко жашаган жери, никеси жана улутун жазбоо сунушунун киргизилип жатышы коомчулукта ар кандай пикирди жаратууда. Ал эми бул маалыматтар атайын чип менен киргизилип, ал атайын компьютер менен ачып көргөндө гана көрүнөт экен. Анын ордуна “Кыргызстандын жараны” деп атоо сунушталып жатыптыр. Бирок “кыргыз” деген сөздүн жоголуп, репрессияланып, биротоло өчүрүлүшүнө мекенчил сезими бар атуулдар каршы болушууда. Эгер бийлик тарабынан таңууланып жаткан ушул сунуш өтүп калса, анда жаңы жылдан тартып баардык кыргызстандыктар улутубузду унутуп, кыргызстандык боло баштайбыз.

Мындай “жаңылык” алгач Парламентте айтылганда, айрым депутаттар МКК төрагасы Тайырбек Сарпашевди каттуу сындап, каршы экендиктерин билдиришкен болчу. Ошондо ал бул Президент А. Атамбаевдин идеясы экендигин айтып кутулган. Демек, бийлик тараптын оюнда, өлкө жарандарынын паспортунда улутун жазбай, өлкөсүн гана көрсөтүү АКШ баш болгон бир катар мамлекетте эбак эле кеңири жайылган. Ал эми биз дүйнөлүк цивилизациядан артта калып, байыркы доордогудай эле “кыргыз” болуп жүрөт экенбиз.

Ооба, ошол эле Америкада кайсы бир түпкү улут жок, алар өздөрүн “америкалыктар” деп аташат. Себеби ал жакка бир кезде ар кайсы улуттардын өкүлдөрү барышып, мамлекет куруп, өздөрүн ушундай атап алышкан. Мындай көрүнүш башка да Европадагы бир нече улуттар тең орток мекендеген Швейцария  жана башка өлкөлөрдө бар. Бирок биз үчүн алардын жолун жолдогон туурабы? Анда ансыз деле тилибиз өз мекенибизде толук колдонулбай, улуттук баалуулуктарыбыз менен каада-салттарыбыз жоголуп, глобалдык цивилизациянын араанына жутулуп бараткан абалыбыз кандай болот? Бийлик эмне үчүн “кыргыз” сөзүн алып салууга жанталашууда. Ушул суроолор бүгүнкү күндө ар бир өзүн кыргыз деп ойлогон жарандарыбызды санаага салып, кабатыр кылууда.

Кыргызстан менен кыргыздар ансыз деле АКШ, Батыш жана башка мамлекеттердин ыплас маданиятына кабылып, тилибиз менен кошо маданиятыбыз, каада-салтыбыз жоголуп, жарымыбыз кыргыз эмес, “киргиз” аталып калганбыз. Ал тургай айылдан келген, таза кыргызча сүйлөгөндөрдү шаардагы тилин унуткандар “мырк” деп келелекеп, экинчи сорттогу адам катары эсептешери белгилүү. Болгону жалгыз карманарыбыз, жөлөк-таягыбыз “кыргыз” экендигибиз болсо, аны да өчүргөнү жатышат. Бул деген келечекте Кыргызстан мамлекети, кыргыз улуту жок болуп, башка саны көп элдерге ассимиляция болуп кетет дегендик. Демек, “кыргыз” деген сөз азыраак жазылып, колдонулуп, айтылып, Америкадагы индеецтердей же Россиянын Чыгышындагы алтай, хакас сыяктуу туугандарыбыз сыяктуу атыбыз гана калып, өзүбүз жоголуп кетебиз дегендик.

Бирок Ак үйдөгүлөр атайлап же билип-билбей туруп эле улутубуз менен мамлекетибиздин тамырына балта чапкан жолго түшүүдө.

Ал тургай паспортто улуттун көрсөтүлүшүн эски түшүнүк, СССРдин тушундагы саясат катары түшүндүргүсү келгендер да чыгууда. Эмне үчүн бизде эскинин баары жаман, СССРдин учурундагы эрежелер туура эмес болуш керек? Биз ар бирибиз күн сайын паспортубуздагы “кыргыз” деген жазууну көрүп, окуп, улуттук аң-сезимибиз калыптанып, маңкурт болуп кетпей жүрөбүз. Ал эми глобалдык цивилизация менен Батыш маданиятына сугарылып, улуттук каада-салттар жана нарк-насилдерди унуткан, “Манас” эпосу менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окубаган эртеңки муунубуз жок дегенде паспортунда улуту жазылбаса, анда маңкурт болбой эмне болот? Бир чети ушундай опурталдуу келечекти көрө албаган бийлик башындагылардын чыныгы максаты – кыргыз улутун жок кылуу эмеспи деген суроо туулат. Азыр паспорттогу “кыргыз” деген сөздү алып салууга каршы чыккандар менен тескерисинче колдогондор да чыныгы улутчул, мекенчил сезими барлар менен Батыш идеологиясына сугарылгандар болуп, ачык эле көрүнүп калууда. Алар социалдык тармактар жана ММКлар аркылуу бири-бирин сындап, акаарат айтышып, “айыгышкан согуш” жүрүүдө.

Албетте, бийлик бийликтигине салып, өздөрүнө караштуу маалымат каражаттары аркылуу  тарыхчылар  Т. Чоротегин, А. Асанканов сыяктуу бүгүнкү бийликтин акырынан жем жеген “дежур” идеологдор аркылуу билгенин жасашы мүкүн. Мөмө-жемиш өз учуру келгенде бышкандай эле ар бир коомдогу, болгондо да мамлекет менен элдин тагдырына байланыштуу өзгөрүүлөр мезгили жеткенде өзүнөн өзү эле өзгөрүшү – мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок паспорттогу “кыргыз” сөзүн алып салуу же жарандардын улутун көрсөтпөө идеясы үстүрттөн таңууланып, жасалмалуудай туюлуп турат. Балким, алар ушундай ыкма менен келерки жылы боло турган президенттик шайлоодо максатыбызга жетебиз же учурдагы экономикалык жана социалдык кризистен элди алагды кылабыз деп ойлоп жатышкандыр. Эгер бул маселе ушунчалык эле маанилүү болуп, Кыргызстан менен кыргыз эли дүйнөлүк цивилизациянын көчүнөн артта калып баратсак, анда мынчалык эле ит куугандай шашылбастан, жалпы талкууга салып же референдум жолу аркылуу чечсек болмок. Тилекке каршы элибиз менен мамлекетибиздин келечегине балта чапкан, орду толгус кыянатчылык ишти жасашууда.

Башканы кой, кошуна Тажикстанда эле азыр улуттук баалуулуктарга өзгөчө көңүл бурулуп, жер-суунун аталышы тажиктешип, ар бир жаңы төрөлгөн наристеге улутка гана тиешелүү ысымдар гана берилүүдө. Ал эми биздеги абал теңирден тескери же мамлекет менен түпкү улут болгон кыргыздардын тамырын кыюу саясаты жүрүүдө. Эртең Эштек өзүнүн улуту кыргыз экендигин билбесе, анда анын маңкурттан кандай айырмасы бар…

А. Белеков

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс