• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Талант Жумаев, мигрант (Новосибирск): Биздей жигиттер турганда, кыргыз кыздар эч качан талаада калбайт! »

Автор:ruh_admin

Июн 22, 2016

«Урматтуу Мекендештер!

Мен жана баардыгыбыз эле «Азаттыктын» берүүлөрүнөн, ошондой эле интернеттин ар кыл сайттарында катуу талкуу болуп жаткан кыргыз келиндин эгиз балдары менен Москвада жигити таштап кетип, ара жолдо калганын көрүп, угуп аябай зээним кейиди. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, арабызда кээ бир жигиттерибиз «кыргыздын жигити» деген наамыбызды булгап коюп жатат, мейли, аларга дагы бирок кудай бар, бул жашоо БУМЕРАНГ экенин унутбашыбыз керек. Бирок бизге жакшы карындашын, жакшы апасын эч ким бербейт.
СССР тарагандан бери, карапайым калк өзүнүн жашоосун оңдоо максатында ар кимибиз ар жака чыгып, Россия жана башка чет өлкөлөрдө иштеп келебиз, бирок анын арасында ушуга окшоп төрөп коюп, тымызын төрөтканаларга таштап кетип калган балдар канча, тымызын таштанды чакаларга таштап койгондор канча, бир кудай билет, эртең ушул эгиз балдар биздин кыргыздын керегине жараган адамдар болушу мүмкүн.
Кыргыз кыздарыбызды этият кылалы, Мекендештер. Таң каласың, башка мамлекеттерде азайып кетип жаткан жаныбарларга коомдук уюмдарды түзүп, сактап калалы деп акча жыйнап, мамлекет тарабынан дагы колдоолор көрүлөт. Бизде деле 1 депутатка мамлекет 1 жылга кетирген чыгымын (6 миллион сом) ушуга окшогон ара жолдо калган жарандарыбызга иштетсе, канчалаган наристелер сактаталып калат экен. Мисалы, ошол келин Жалал-Абаддан деп уктум, бирок так дарегин билүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Жалал-Абаддан деле 2 миллионго квартира келет го деп ойлойм.
Бизде Москвадагы элчилик, Кыргыз республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул кыргыз жараны боюнча бир комментарий берип коеюн дешпейт, анан бийлик өз жарандарына ушундай мамиле кылып жатса, бийликти ким тоготсун, ким уксун… Эми эмне, элчиликке сөзсүз келип, арыз менен кайрылыш керекпи? Ага чейин деле интернетти күнүгө эле окуйсуздар, көрүп бир реакция кылып, жок дегенде…»
http://inter.kg/…/15512-talant-zhumaev-migrant-novosibirsk-…

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс