• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

ММА боюнча Азия чемпиону Мирбек Абдыкадыров авариядан каза болду (фото)

Автор:ruh_admin

Июн 22, 2016

20-июнда аралаш таймаштын түрлөрү (ММА) боюнча Азиянын чемпиону Мирбек Абдыкадыров авто кырсыктан каза болду. Бишкек–Ош унаа жолунун 310-чакырымында «Хонда-Степвагон» (мамлекеттик № В 04-06 АО) үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгү жарылып, сайдын четине кулап түшкөнү маалымдалган. Унаанын ичинде айдоочу жана 7 жүргүнчү болгон, деп билдирди бүгүн, 21-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы.

«Мухамед-Умар» спорт клубунан бул маалыматты тастыктап, самбо боюнча Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси, Кыргызстандын чемпиону жана ММА боюнча Азия чемпиону болгон 27 жаштагы Мирбектин сөөгү бүгүн Өзгөн районунда жерге бериле турганын билдиришти.

Окуя тууралуу

Токтогул районундагы Торкен айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылынын аймагындагы Бишкек–Ош унаа жолунун 310-чакырымында «Хонда-Степвагон» (мамлекеттик № В 04-06 АО) үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгү жарылып, сайдын четине кулап түшкөн.

Унаадагы жүргүнчүлөр:

1) Унаанын ээси – Ош шаарынын тургуну, 1989-жылы туулган Бакыт Юлдашев Токтогул райондук ооруканага жеткенде каза болгон;

2) Жүргүнчүсү – Ош шаарынын тургуну, 1989-жылы туулган Мирбек Абдыкадыров ооруканадан каза болгон;

3) 1988-жылы туулган Канат Тургунбаев Ош шаарынын тургуну. Ийининен жаракат алып, Токтогул райондук ооруканада;

4) 1989-жылы туулган Асылбек Үмөталиев Ош облусунун Кара-Кулжа айылынын тургуну. Белинен жаракат алып ооруканада;

5) 1988-жылы туулган Алмаз Акимтаев Ош облусунун Кара-Кулжа айылынын тургуну, абалы жакшы;

6) 1989-жылы туулган Жекшенбек Акимкулов Ош облусунун Кара-Кулжа айылынын тургуну, абалы жакшы;

7) 1990-жылы туулган Эмил Миркамилов Ош шаарынын тургуну, абалы жакшы;

8) 1989-жылы туулган Искендер Үркүнбаев, Кара-Кулжа айылынын тургуну, абалы жакшы.

Куткаруучулар 5 адамды ооруканага жеткиришкен. 3 жабырлануучу жолдо өтүп бара жаткан унаалардын жардамы менен ооруканага жеткирилген.

http://www.turmush.kg/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс