• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Баткенде “Салттуу исламдын баалуулуктары” темасында жыйын болду (фото)

Автор:ruh_admin

Июн 22, 2016

IMG_1376Бишкек. 22-июнь /ca-irnews.com/.  21-июнда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмү Баткен облусунун Баткен шаарында “2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын” жана КРнын Президентинин “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо” боюнча жаргылын аткаруу алкагында биргелешкен түшүндүрүү-профикалтикалык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Баткен казыятынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга КР ДИМКнын Түштүк аймактык бөлүмүнүн бачысы Исакбай Мурзабеков, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, райондук админстрациянын аппарат жетекчиси Эгемберди Абылов жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана имамдар, Баткен районундагы мекеме, ишканалардын кызматкерлери катышты.

Иш чарада Пазыл ажы Султанмуратов учурдагы диний абалга токтолуп, жыйындын ишине ийгилик каалады. Ал эми  КРнын ДИМКнын Түштүк аймактык бөлүмүнүн бачысы Исакбай Мурзабеков “Салттуу Исламдын баалулуктары диний экстремизмге жана тероризмге каршы”, ”Манас” эпосундагы Исламдын орду” деген темаларда баяндама жасады. Ошондой эле катышуучуларга ”Манас” эпосундагы Исламдын орду” аталышындагы  китептер таратылды.

Жыйындын катышуучулары “2014-2020 жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын” аткарууда коомчулукту руханий жактан тарбиялоодо, динди чүмбөт кылган туура эмес агымдарга бөгөт коюуда жана ага каршы турууда салттуу Исламдын баалулуктарынын өзгөчө ордун белгилешти.

Жыйын соңунда Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо түзүмдөрү, дин кызматкерлери менен биргеликте эл арасында окуу жайларда, мечит, медреселерде массалык маалымат каражаттарында кеңири жайылтуу жана түшүндүү сунушталды. Ошондой эле катышуучулар өз суроолоруна адистерден жооп алууга мүнкүнчүлүк түзүлдү.

IMG_1395

IMG_1422

IMG_1435

 

22.06  11:21

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс