• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Салянованын Айтикеевге жообу: “Ташиевге жинди деген справканы мен бербейм”

Автор:ruh_admin

Июн 21, 2016

Буга чейин Адилет Айтикеев аттуу журналист Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованы бир тараптуу жамандаган пикирин берген болчу. Аида Салянова өзүнүн фейсбук баракчасы Аркылуу Айтикеевге жооп жазыптыр.

Оңдобой беребиз:салянова

“Адилет Айтикеевге жооп

Достор!
Кыргызда таба жолу тар деп коет. Бумеранг бекен? — деп колунан эч нерсе келбеген, алсыз жигиттер табалайт. Бумеранг болгондой мен эч нерсе жоготкон жокмун. Парламентке депутат болуп эл учун кызмат кылуу бактысына ээ болдум. Болгону ичи тардыктын, коро албастыктын айынан жумуштан конулуп сууп, кеттим. Бирок ага дагы таарынбайм. Атамдан калган жумуш беле. Тескерисинче, тагдырыма ыраазымын. Кимдин ким экенин эрте тушундум.
Мен эч качан бироонун ырыскысына кол салган эмесмин, жеке кызыкчылыгымды ойлоп, бироону кор кылган эмесмин. Мунозумдо калп айтуу, ичи тардык, эки жуздуулук жок. Мен эч качан коомчулукка тушундуро албай турган нерсе жазаган жокмун. Ошол учун мен жонундо калп жазуу — бул убактынарды текке кетируу. Кайра-кайра бул суроолорго дагы кайрылбайм.

Сен жазган Келдибеков, Аманбаева, Тюлеевдер сен учун эле ак болбосо, жалпы кыргыз эли алардын ким экенин жакшы билет. Келдибековдун компьютеринде Арпачиев менен жазышкандарынар бар экен деп баланын созун суйлопсун. Биринчиден, мен мыйзамсыз буйрук бере турган киши эмесмин; экинчиден, тергоо ыкмалары жонундо эч качан компьютер менен жазышпайм. Анын устуно, мыйзамсыз буйрук берген киши аны очурбой Адилет Айтикеев учун сактап коет беле? Ойноп жазсан дагы ойлоп жазсан боло.

Ташиевке жинди деген справканы мен бербейм. Эгерде ошондой справка болсо, озунон сурабайсынбы бул справка Сизге эмне учун керек болду деп. Атамбаевди мактап чыккан видеосу прокуратуранын архивинде бугун деле бар болушу керек. Аны коруп врач болсом, балким мен дагы Ташиевге ошондой справканы бермекмин.

Келдибеков боюнча Нарымбаев экообуздун Атамбаеге каттаганыбызды озун кордун беле? Сенин бул создорун ушакчынын эле созу — Салянова Акмат Бакиев менен жакшы деген сериядан эле. Ал кишини тааныбаганыма карабай, омуру аны менен саламдашып корбогонумо карабай жабыштырганынар жабыштырган.

Эми Батукаев жонундо. Моонотунон мурда бошотуу жонундогу сунушту жаза аткаруу кызматы киргизет. Чечимди сот кабыл алат. Эгерде бир нече медкомиссиянын корутундусу чыгып жаткан болсо, прокурор аны четке каккандай врач эмес, ал процессуалдык жагын гана карайт. Парламент Батукаевдин маселесин карап жатканда токтомдун долбооруна уч прокурор жумуштан алынсын деп жазылган. Бирок аларды жумуштан алууга мыйзамдуу негиз жок болчу. Андан улам мени Батукаевди жактады деп каршылаштарыма майдай жакты. Эгерде кол алдындагы кызматкерлердин куноосу болбосо, аларды жетекчиси жактабаганда ким жактайт? Турмушта ошондой жетекчилерди кордум. Озунун керт башын ойлоп кол алдыгындагыларын колдоп калганга кудурети жетпеген. Бирок жакшыбы, жаманбы менин болгон мунозум ушу — озумдун атыма доо кетсе дагы дайыма кызматкерлеримди колдоп келгем.
Ошол учун Батукаевинерди мага чаптабагыла.

Ар бир адам учун жоопко тартуу бул опурталдуу нерсе. Анын жеке ден-соолугу учун бул шок. Эми ким олуп калат деп сенин оюунча кылмышты жашырып-жаап, ичкен-жегендерге тийбей эле коюу керекби?
Прокуратурада иштеп жатканда, кандай корсонор ошондой коргуло, коррупционерлерге баш котортпогонго аракет кылдым. А азыр болсо элге акыл уйротуп, ойдо-томон комментарий жазышып, оодосунуп, чон суйлоп жатышат. Бул саясаттын мажуроолугу, жарым-жартылай кылып аягына жеткире албагандыгы. Мамлекет бир колу менен жоопко тартып, бир колу менен жооптон куткарып, сот реформасынын ордунан жылбай жатканы.
А бийлик болсо табасы канып, мыйыгынан кулуп турат.

Жооп беруунуз али алдыда деп жазыпсын, мен жооп беремби же дараметинден туура пайдаланалбай акты ак, караны кара дей албаган сен жооп бересинби аны Жараткан озу чечет. Сени менен акыйлашып олтурганга менде сеникиндей убактым жок, мага конул бурсун, мен ушундай кыйынмын деген оору менен дагы оорубайм. Ошондуктан ар бирибиз озубуздун оюубузда калалы.” – деп жазды Салянова.

fakt.kg

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс