• Чт. Дек 1st, 2022

Популярные метки

Мискенбаев коррупцияга шектелүүдө

Автор:ruh_admin

Июн 21, 2016

 “Айкөл Ала Тоо” коомунун мүчөлөрү М. Мискенбаевди жана анын орун басарын “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан бөлүнгөн 2,3 млн сомду кымырып алган деп күнөөлөп жатышат. Бул тууралуу аталган уюмдун бүгүнкү жыйынында

мискенбаев1 Марипа Алыйкулова айтып чыкканын “tazabek.kg” сайты жазып чыкты.

Анын сөзүнө таянсак, 2015-жылы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы 2,3млн сом жардам бөлгөндүгү жөнүндө маалымат тараган.

“Жыйындын жүрүшүндө талаш маселе жаралды, суроолор пайда болду. “Кыргызкөмүр” ишканасынан кишилер келгенде Мискенбаев кыжырдана баштады. Анан биз кайрылуу кат жолдодук, шайлоонун алдында Мискенбаев кеткен” – деди ал.

Ал “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы 2014-жылдан бери “Айкөл-Ала Тоо” уюмуна  акчалай жардам көрсөтүп келээрин айтты.

Алыйкулова “Транс Азия уголь компания” ишканасы 2млн 136 миң сом акчалай жардам көрсөткөн. Бирок ал акча кандай пайдаланылгандыгы белгисиз.

Алыйкулова “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен келишим түзүлгөндүгү тууралуу, ага ылайык аталган ишканада “Айкөл-Ала Тоо” уюмунун балдары иштемек, бирок азыр бош орун жоктугун айтып жатышат дейт.

Мунун себебин Алыйкулова Мискенбаев өзүнүн туугандарын киргизип койгондугунан көрүүдө.

Бул боюнча “Айкөл Ала Тоо” уюмунун мүчөлөрү УКМКга жана КСДПнын лидери Иса Өмүркуловго кат менен кайрылып, Мискенбаевге жана анын орун басары А. Жамгырчиевге чара көрүүнү суранып жатышат.

P.S “FAKT.KG” сайты экинчи тараптын да оюн берүүгө даяр.

fakt.kg

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс