• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Баткенде Муфтияттын ооз ачыруу иш-чарасы болду (фото)

Автор:ruh_admin

Июн 21, 2016

 

IMG_1147Бишкек, 21-июнь /ca-irnews.com/. Ыйык Рамазан айынын урматына  19-июнда  Баткен шаарындагы “Тойчу Ата” кафесинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын ооз ачыруу саамалыгы болуп өттү.

Ифтардык иш чарасына Азирети муфтийдин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, шаар, райондун мечит жамааты, имамдар жана аксакалдар катышты.

Иш –чарага келген конокторду облустун казысы Пазыл ажы Султанмуратов ыйык Рамазан айы менен куттуктап, конок катары келип катышкан жалпы жамаатка ыраазычылык билдирди. Ал эми имамдар ифтардык иш чарасын уюштурган Азирети муфтий Максатбек ажыТоктомушевге жана демөөрчүлөргө терең ыраазычылыгын билдирди. Ал  ошондой эле өлкөбүздө диний абал өнүгүп жаткандыгына токтолуп, ата-бабаларыбыз сактап келген салттуу ислам динин карманып, жайтылуубуз керек деп баса белгилеп өттү. Саалмалыктын жүрүшүндө Азирети Муфтийдин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Арзыкулов Махманаби ажы Азирети Муфтий Максатбек ажыТоктомушевдин атынан келген конокторду Рамазан айы менен куттуктады. Ошону менен бирге Рамазан айы тууралуу Куран аяттарынан пайгамбарыбыздын хадистеринен баяндап берди. Иш чара соңунда Куран окулуп, бата кылынды.

IMG_1161

IMG_1283

21.06  12:15

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс