• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

Борочоров: «Диний уюмдардын бирге иш алып баруусуна жакшы аянтча түзүлдү»

Автор:ruh_admin

Июн 17, 2016
Борочоров: "Диний уюмдардын бирге иш алып баруусуна жакшы аянтча түзүлдү"

Бүгүн Бишкекте КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Мамлекеттик-конфессионалдык кеңешти түзүү боюнча макулдашууга расмий түрдө кол коюлду. Аталган кеңеш Коргоо Кеңешинин 2014-жылдагы чечимин ишке ашыруу максатында түзүлдү. Мамлекеттик-конфессионалдык кеңештин негизги максаттары, коомдогу зарылдыгы жана алдыдагы иштерине болгон ишенимдер боюнча  бул ишке эксперт катары катышкан Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Жетектөөчү адистерди даярдоо институтунун директору Жакшылык Борочоров менен «Күн чекит» программасында маектештик.

— Бул иште катышкан эксперт катары айтсаңыз, аталган кеңешти түзүүнүн негизги максаты эмне болду?

— Биринчиден, мамлекеттеги тынчтыкты жана бейпилдикти сактоо максаты болуп атат. Экинчиден, өлкөдөгү конфессиялардын ортосундагы баарлашуу, бири-бири менен жакындан таанышуу. Ошол эле учурда алардын ортосундагы ынтымак менен мамлекеттин, элдин аброюн сыртка таанытуу жагы дагы бар. Эгерде конфессиялардын ортосунда биримдик болбосо, сыртка дагы биздин мамлекеттин кадыр-баркы түшөт. Эгер диндердин негизинде карай турган болсок, баары эле – диний уюмдардын башында турган өкүлдөрү бул кеңештин түзүлүшүнө каршы эмес экендигин айтышты. Алар бири-бири менен жакындап, чогу иштеп, мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн салым кошушубуз керек деген пикирлерин айтышты.

— Бул кеңешти түзүүнүн бүгүнкү коомдо канчалык зарылчылыгы бар эле? Анткени бизде дин иштери менен алектенген атайын комиссия жана башка башкармалыктар бар да?..

— Дин комиссиясы мамлекеттик уюм болгондуктан, алар көзөмөлдөө укугуна ээ. Ал эми бул кеңеш болсо, өзүнүн алдындагы жамааттары менен дагы иштейт, ошол эле учурда жамааттын ичинде болуп жаткан көйгөйлөрдү, конфессиялар ортосундагы жакшы мамилелер, же ар кандай пикирлер болсо мамлекеттик деңгээлде ачык чыгара алганга толук мүмкүнчүлүк болуп атат. Буга чейин мындай аянтча же платформа жок болчу. Кандайдыр бир маселелер болсо Дин комиссиясына келип айтышчу, бирок, өзүлөрү тегерек отуруп сүйлөшө турган аянтча болгон эмес. Ошондуктан, бул кеңештин түзүлгөндүгү жакшы болду.

— Бүгүн бул келишимге төрт диний уюмдун жетекчилери кол койду. Ушу менен эле чектелеби же алардын саны көбөйөбү?

— Азырынча ушул 4 уюм менен иш башталды. Эми башка конфессиялар дагы келип кошулабыз десе мүмкүнчүлүк бар деп айтылды.

— Биздин өлкөдө диний уюмдар абдан көп да?..

— Ооба, абдан көп. Бирок бул платформага чоң-чоң эле диний уюмдар катышат болуш керек.

— Бул жерде көзөмөл кандай болот?

— Менин оюмча бул кеңештин сөзсүз катчылыгы болушу керек. Ар кандай диний маселелердин сунушташып, анын чечүү жолдорун талкулоо менен ушундай багытта иш алып барышса керек. Мурда көп маселелерди ар бир конфессия өз алдынча чечсе, эми чогу чече турган шарт түзүлдү.

— Сиздин жеке пикириңизде бул кеңештин келечеги канчалык ишенимдүү жана кандай жыйынтыктары болушу мүмкүн?

— Буга чейин эле диний уюмдар жана алардын башында турган өкүлдөр мамлекет үчүн бир топ иштерди жасап келишкен. Мисалга, чогу ишембиликтерди уюштуруп, бактарды тигип жүргөндөрүн көрдүк. Алар кайсы динди тутпайлы биздин өлкөбүз бир, мамлекеттин, балдарыбыздын келечеги үчүн ушул иштерди жасап атабыз деп айтып келишет. Ошол эле Ош окуяларында чогу-чаран жардам берип жатышты. Эми бул платформанын түзүлүшү менен алардын дагы ачык-айкын, кенен-кесир иш алып барганга чоң мүмкүнчүлүк болуп жатат.

— Диний уюмдардын башында турган өкүлдөрдүн коомдогу орду канчалык?

— Ар бир диний уюмдун коомдо тиешелүү деңгээлде аброю, колдоп, уга турган жамааты бар. Ошондуктан алар коомдо өтө таасирдүү. Бүгүнкү тегерек столдо дагы дин менен саясат айкалышпай тургандыгы айтылды. Бирок, булар коомдук уюм катары өздөрүнүн иштерин алпара беришет. Муну менен мамлекет дагы бардык диндерге тегиз көз карашта экендигин көрсөтө алды. Бүгүн диний уюмдар мамлекеттин ынтымагы, биримдиги, келечеги үчүн бирге иштейли, кээ бир багыттарды чогу аткаралы деген кадам менен алдыга чыгышты. Ал жерден эч кандай саясатты көрө алган жокмун. Мамлекеттин келечеги үчүн жасалып аткан иш болду. Кеңештин түзүлүшү эле жакшы кадам болуп атат. Жакшы жыйынтыгын берет деген ойдомун.

— Маегиңизге рахмат!

Автор: Каныкей Бозгунова
kanykei@maralfm.kg
Булак: http://maralfm.kg/
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс