• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Баткенде Кыргызстандын бир нече шаарларында террорчулук жасоону пландаштыргандар кармалды (фото)

Автор:ruh_admin

Июн 17, 2016

1Бишкек, 17-июнь /cairnews.com/. 10-июнда КРнын УКМК тарабынан Баткен облусунун аймагында террорчулук жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча  жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чарасынын натыйжасында эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү (ЭТУ) «Т.Т.», «М.К.» жана «М.А.» кармалды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган адамдар террордук даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкандыгы аныкталды. Аталган жарандар Кыргызстанга өлкө аймагындагы бир канча шаарларда колдо жасалган жардыргыч заттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен террордук актыларды жасоо үчүн ЭТУнун жашыруун бөлүмүн түзүү максатында келишкендиги аныкталды.

Кармалган адамдар жашаган жерди текшерүүдө магазини менен кошо автомат, Ф-1 гранатасы, бир нече сандагы октор, экстремисттик адабияттар, ошондой эле жихаддык мүнөздөгү түрдүү электрондук материалдар табылган.

Алар үчөөсү тең УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

УКМК иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө, тергөө жана террорчулукка каршы иш чараларды жүргүзүүнү улантууда.

2 3 4

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс