• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Жалал-Абадда диний кырдаал талкууланууда

Автор:ruh_admin

Июн 16, 2016

Бишкек, 15-июнь /muftiyat.kg/ КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында Кыргыз Республикасы эгемендүү болгондон кийин мыйзамда дин тутуу эркиндиги көрсөтүлгөндөй,  өлкөдө ислам дининин жетишкендиги тууралуу  жана келечектеги диний радикал коркунучтарынын алдын алуу боюнча жыйын өттү.

Жыйынга КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, казыяттын фатва бөлүм адиси Жороев Арпидин ажы, окуу жайлардын мугалимдери ошондой эле бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү  жана имамдар катышышты.          Казыяттын өкүлү дин тутуу эркиндигинде кээ жетишкендик жактарына токтолуп, мечиттер мамлекеттик каттоодон өтө баштагандыгын, ажылык иштери тартипке салынып, дин кызматкерлери аттестациядан өтүүлөрү, билим деңгээлдеринин жогорулай баштаганын жана өлкөдө Ханафий мазхабтын негизинде иш жүрүп жаткандыгын баса белгилеп өттү.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс