• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Илим Карыпбеков коомчулукту убактылуу алаксытып турган

Автор:ruh_admin

Июн 15, 2016

Кечээ КТРКнын байкоочу кеңешинин жыйыны болду. Жыйында  акыркы мезгилде КТРКнын дарегине карата айтылган сын-пикирлер талкууланды.

КТРК кумсаларды пропагандалап жатканын жана муну токтотууну  «Жаңы муун» кыймылы арыз менен кайрылган болчу. Ошондой эле, Коомдук каналдын практикант кызына байланыштуу жаңжалдынилим чоо-жайы териштирилди. Буга чейин практикант кыз аталган телеканалдын кызматкерине алданып, кош бойлуу болуп калганын айтып чыккан эле.  КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу телеканал ичиндеги чырга түшүндүрмө берген болчу. Өзгөртүлбөй берилет.Түшүндүрмөдө мындай деген: Өйдөдө айткандай кызматкер менен, практикада жүргөн кыздын ортосунда чыр-талаш болгону чындык. Бирок мындай түшүнбөстүк, тил табышпастык ар бир жааматка, үй-бүлөгө таандык деп ойлойм. Айрым кыргыз гезиттери укмуш деңгелге көтөрүп, сенсация кылган окуя аягы тиркемеде көрсөтүлгөн тил кат менен бүттү. Өзүңүздөр таанышып, жыйынтык чыгарсаңыздар болот”. -деп жазып чыккан.

Тил каттардын мазмуну мындай: Тосмо арыз.
Мен О.А. Бишкек шаар Ленин РИИБнын О.Знын үстүнөн ал мени зордуктап боюмда кылган деп арыз жазгам. Бирок чындыгы З.О. мени зордуктаган эмес. Биз өз ара келишпестиктен жиним келип ушундай ишке барып отурам.
Мындан ары З.О. эч кандай арыз дооматым жок. Ошону менен бирге менин биринчи жазган арызымды кароосуз калтырууңузду өтүнөм.
Арыз өз колум менен так жана туура жазылды.
О.А.К.
2.04.2016.

Тил кат
Мен О.А., З.О. менен жыныстык катнашта болгон эмесмин. Өзүмө жардам сурап кайрылсам жардам бербей койгондуктан ачуум менен милицияга арыз жазып койгом.
Тил кат өз колум менен так жана туура жазылды.
О.А.К.
2.04.2016.».

Фамилия, аты жөндөрү этикалык негизде көрсөтүлгөн жок.
Урматым менен.

Мына ушундай болуп зордуктоо чыры токтогон болчу. Кечээ ал кыз кош бойлуу абалында жыйынга катышып, жетекчиликти жана зордуктады делген журналистти жоопко тартууну талап кылып олтурат. Бул кызды убагында коркутуп же алдап кат жаздырышканбы. Илим Карыпбеков коомчулукту убактылуу алаксытып турган болуш керек. Болбосо, боюнда болгон кыз Байкоочу кеңештин жыйынына келмек эмес. Өзү Илим Карыпбеков КТРКны жакшы жагына өзгөртүп жатат. Бул жерде “жебеген самсага пул төлөдүм” дегендей болбосо.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү эрежеге жат жүрүм-турумдары менен коомчулуктун көңүлүн өзүнө тарткан кызматкерлерди жана кумсалар тууралуу берүү даярдаган кабарчыларды иштен алууну сунушташты. Илим Карыпбековго сөгүш жарыялоо демилгесин да көтөрүштү. Бул айтылган маселелерди чечүү үчүн  30-июнга чейин мөөнөт беришти.

fakt.kg

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс