• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

«Кыргыз Чоролору» «Табарак» фондуна чара көрүүнү талап кылды

Автор:ruh_admin

Июн 13, 2016

КРнын тышкы иштер министри
Э. Б. Абдылдаевге

КРнын ички иштер министри
К.А. Жунушалиевге.

КРнын улуттук коопсуздук комитетинин
төрагасы А.К. Сегизбаевге.

К А Й Р Ы Л У У
— Биз кайда баратабыз?
— Эртеңки урпактарыбыздын келечеги кандай болот?
Көпчүлүк жаштар жумушсуздуктун айынан ата мекенин таштап чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болду. Башка өлкөнүн жарандыгын алып кеткендери да күн санап көбөйүүдө. Улуттук ар намыс, абийир деген эске алынбай, жумушсуздуктун шылтоосу менен кыздарыбыз ар кайсы өлкөдө жеңил жол менен акча табууга өтүшүп, борбор калаабызда да жашыруун сойкулук менен алектенген жайлар аябагандай көбөйүп барат. Айрым ак эмгеги менен акча табууга аракеттенген кыздарды да кулактандыруу аркылуу жумуш таап беребиз деп, алдап сойкулукка мажбурлаган, же башка чет өлкөгө денесин соодалап акча табууга жөнөткөн караоке клубтар, жайлар, чет өлкөлүк жарандар да көбөйдү.
Бизди эртеңки келечегибиз кооптондурат. Бүгүнкү сойкулук менен алектенген кыргыз кыздары эртеңки кыргыз тукумун улап, тарбиялап өстүрө турган кыргыз энелери. Бүгүн сойкулук менен алектенген кыргыз кыздары, эртең кандай кыргыз тукумун улайт же төрөгөн баласын тарбиялаганга моралдык укугу барбы.
Жогорудагы көрүнүштөр менен кимдер күрөшөт, кимдер токтотот. Биз ишенген күч структураларынын айрым кызматкерлери, эскиче ыплас жолдор менен акча табышып, башкача айтканда мыйзамсыз иштеген, улуттук ар намыска шек келтирген, иштери улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген ишкерлерди калкалашып, алардын былыктарын жаап-жашырып, мамлекеттик органдарга болгон элдин ишенимин өчүрүүдө.
Жогорудагы маселелердин бири, “Табарак” диний кайрымдуулук фондунун башчысы, Кувейттин жараны Абдулла Фалех Жабирдиндин кыргыз кыздарын 200 долларга бир түнгө нике кыйып, өзүнүн чет өлкөлүк досторуна сунуштаганын айтсак болор. Белгисиз себептерден улам бүгүнкү күнгө чейин Абдуллу Фалех Жабирдиндин ыплас иштерине тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан чаралар көрүлбөй келет.
Сабырдуулуктун да чеги болот. Үстүбүздөгү Рамазан айынын аягына чейин Кувейттин жараны Абдулла Фалех Жабирдинге тиешелүү чаралар көрүлбөсө “Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмеси улутубуздун эртеңки келечеги үчүн эл чыгарган чечимди ишке ашырары анык.
Андыктан, айрым маалымат булактарында жарыяланган Кувейттин жараны Абдулла Фалех Жабирдиндин ыплас ишин далилдеген аудио, видеолорду негиз кылып, кошумча иликтөөлөрдү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүүңүздөрдү суранабыз.

“Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмеси З. К. Көчөрбаев

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс