• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Би Би Си Ыңкылабдын негиздөөчүсүнө жасалма документтерди таңуулайт / Имам айткан: “Эң жакшы дуба бул – Америкага каршы дуба.”

Автор:ruh_admin

Июн 13, 2016

photo_2016-06-13_10-47-22“Тарыхый  изилдөө жана Ислам ынкылабынын энциклопедиясы” фондусунун жетекчиси Саид Хамид Рухани: Би Би Синин келтирген далилдеринде беш карама- каршылыктар бар. Аятолла Хаменеи Азирети Хомейниге каршы жалаа- жалгандарды ачыкка чыгарып, 27 жыл өтсө дагы да  ыңкылабдын муундарына “ыңкылабдуу имамды” таанууга  туура жол көрсөтүп келет. Дүйнөлүк империя менен колонизаторлордун байыртан келе жаткан ыкмалары белгилүү, алар элине кызмат кылган атактуу адамдардын абройлоруна шек келтиришип, эл алдында алардын жүздөрүнө кир жугузганга аракет кылып келишет.

Мисалга Саид Жамалуддин Асад Абади Египетте  аракетин баштаганда Египеттеги Англия элчиси өлкөсүнө кат жазуу менен “бул ирандык дербиш бул жерде дагы бир жыл кала турган болсо, Англиянын Египеттеги колонизациялык кызыкчылыктары гана жоюлбастан, бардык Ислам өлкөлөрүндөгү пайда көрүүлөрү жокко чыкмакчы” деп  тынчсызданган. Ошентип, Египет коомунда Асад Абадиге 70 түрлүү жалаа жабышып, алардын ичинде “намазсыз”, “мусулман эмес”, “сахабалардын душманы” жана башка  оозго алгыс дооматтарды жайышкан.

Ошондой эле Шейх Фадлуллах Нури да дооматтарга кабылган. Ал “Адилеттик талап кылуу” аракетин бузууга аракет кылгандардын ыпластуу пландарды ачыкка чыгараар замат, анын каршылаштары аны “чыккынчы” деп аташып, элдин сурагына коюшкан.  Аятолла Кашани менен да ушундай аракеттерди жасашты. Англия саясатына катуу каршы турган Кашанини “англиянын тыңчысы” деп  доомат коюшуп, элдин алдында мартабасын түшүрүшкөн. Колонизаторлордун  ушуга окшош ыплас ыкмалары белгилүү болгон.

Колонизаторлордун дагы бир максаттары  элдин үмүттөрүн үзүү.  Элге “Силердин колуңардан эч нерсе келбейт” деп ишендиргиси келет. Мисалга “Тамекиге каршы” элдик аракетти орустар баштаган же Насеруддин шахтын өздүк планы болгон дешкен. Жада калса мунай өндүрүү боюнча улуттук  демилгени да четтиктердин идеясы деп элге “силердин колуңардан  эч нерсе келбейт, силер биздин каалаганыбызды жасайсыңар” деген үмүт үзүүлөрдү пайда кылуу менен  элдин өзүнө ишенүү сезимдерин өчүрүүгө аракет кылышат.

Колониализмдин  улуттук чыгаандардын жүздөрүн  карайтуу айлаларыphoto_2016-06-13_10-47-27

 Колонизаторлордун дагы бир жерде колдонгон ыкмаларын эскерте кетсек, ал  “Ирандын премьер министри Размара, Халил Тахмасбинин  колунан ыңкылабдык аткаруу менен өлтүрүлгөн” деген жарыясы. Ал убакты башынан өткөргөн күбөлөрдүн айтымында, Размараны жок кылуу британдыктардын өз колунан келген иш эле.

Ал эми азыр да Маркум Имамдын көтөрүлүшү тууралуу так ошол арам ой ыкмалар кайталанып жатат. Алар “Имамдын ыңкылабынын сахна артында Америка турган” деп жатышат. Бирок, бул жолу  жалган  жалаалары ишке ашпагандыгын  жана эч ким ага ишенбегенин байкашты. Кызыктуусу, кийинчерээк алардын шпиондук уялары Имамдын жолун улаган, Ислам ыңкылабынын муундары аркылуу ачыкка чыккан соң,  “Америка Иранга согуш жарыялаганы жатат” деген  ызы-чууну таратып, Ирандык студенттердин намыстарын козгоп,  элчилигине чабуул салдыруу менен  Иранга кол салуу жолун ачышты.

Ушундай арам иштердин артында элдин үмүттөрүн үзүү максаттары турат деп баяндасак туура болот; айрыкча, Би Би Синин акыркы жарыясында кандай далидери бар? Алар,  имам жолун улап, өсүп-өнүгүп келе жаткан ислам ыңкылабынан чоочуркашып, аны бузуу аракетинде  бир катар куулук амалдар менен “Британдык колониалдык документтерди” ойлоп табышкан.

Ал эми бул “документтештирүү” боюнча түшүнүк берүүдөн мурда калп пропагандаларды жайылткан британдык карт гиеналары менен батыш-чыгышка көз каранды саясатчылар жана дүйнөлүк ипмериализмдин агенттерине эскертерим; бүгүнкү күнү мындай жалаалар менен Ислам жол башчыларынын маратабаларын  эл астында түшүрө  албайсыңар. Азирети Имамдын ыңкылаб башында айткан насааты да ушундай эле. Тарыхтан алган тажыйырбасы менен келечекте да бир катар ызы-чуу, жалган таратуу, чыгаандардын абройлоруна шек келтирип, элдин үмүтүн үзгөн оюндар болорун билген. Андыктан ыңкылабдын тээ башында эле элге толук маалымат берип, кыраакы болууга үндөгөн.

 Би Би Синин “Азирети имамдын Америка менен жашыруун байланыштары” аталган жасалма документтерде эч кандай далилдүү фактылар берилген эмес. Ал “документация” атап чыккандарында бир топ карама –каршылыктар  көрүнөт. Мисалга, алардын айтымында Имам камакка алынардын астында шахка карата каттуу кайрылуу жасап, анын дин-ыйманына шек келтирген, бирок шахтын негизги колдоочусу болгон Америка тууралуу үн каткан эмес дешет. Кийин, имам 1342-  (хижри шамси) жылы Джон Кеннедиге айткандарын актоо максатында кечирим суроо катын жөнөтүп,  Американын Ирандагы кызыкчылыгын көздөөрүн билдирген дешет; эми бул жерде суроо туулат: Имам башында Америка тууралуу үн катпаса, анда кайсы сөзүнө кечирим сураган экен? Алардын айтымында, имам шахка карата катуу сөз айткан, ал эми Америка тууралуу үн каткан эмес да?!

Экинчи карама-каршылык, алардын айтымында  Хомейни Американын Ирандагы кызыкчылык-пайдаларына каршы болгон эмес, тескерисинче америкалыктардын Иранда болушу Советтер Союзуна карата балансты сактоого өбөлгө түзөт жана балким, Британиянын таасири да зарыл деген дешет.  Бул жерде Британия маселесин ыктымалдуу түрдө ортого салышы менен имам жалпы Батыш дүйнөсү менен байланышпастан, бир гана Америка менен байланышта болгон деп айткылары бар. Чындыгында Имам сөздөрүндө: “Америка президенти Иран эли үчүн эң жек көрүмдүү адам экенини билип койсун!” –деген. Андыктан, Имамыбыз  Советтер Союзуна каршы туруу үчүн Американын Иранда болуусун кааласа ушинтип айтаар беле?

Үчүнчү карама- каршылык; алар Имам эң аз дегенде Америка жетекчилери менен эки жолу байланышкан дешсе, (мааниси  түздөн-түз жолугушкан дегенди билдирет) уландысында алгач Мирза Халил Камареи аркылуу, экинчисинде Ибрахим Язди аркылуу байланышкан деп ынандырышат. Кыскасы, түздөн-түз байланышканына далил алып келе алышпай, жалган жолугушууну курашты. Алар айтышты: Хомейни Совоктон (Шах Пехлевинин заманындагы УКК) жашырынып Америка менен байланыш жасаган, эгерде андай болсо эмнеге Совоктун өзү муну эскерткен жок? Ал эми Би Би Си Мирза Халил Камареи өзү өкмөткө жагалданып, шах менен мамиле түзгөнүн эстен чыгарганбы? Имам ыңкылабын баштаганда Мирза Халил Камареи имам менен каршылашып, 41-жылдын январында шахтын “жер бөлүштүрүү”  маселесинде шахтын “жер реформасын” колдоп,  ага жеңиши менен куттуктоо катын жөнөткөн.  Бул тууралуу ал убакта гезиттерге да жазып чыгышкан жана Мирза Халил Камареинин биографиясында анын сот менен мамилеси болгону тууралуу эскертилген. Ошентип, маселе Совоктун тутумунан алыс болгон деген жалган амалдары ачыкка чыкты. Экинчиден, Мирза Халил өзү  Имамга карама-каршы турган,  имам дагы анын ишине каршы эле, андыктан имам аны кантип  Америка элчилигине ортомчу  кылып тандайт  эле?

Бул жалган жасалма документациялардын  карама-каршылыктарынын бирден бир мисалы; “соттук интерфейс”  имамдын Америка менен байланыштырган интерфейси катары таанытканы. Британиянын пропаганда агентинин сөзү чындык болуп, Мирза Халил Камареи имам тараптан Америка менен диолог жүргүзгөн болсо, анда аны шах менен Совокко маалымдап турат эле. Совок да бул документтерин жайгаштырмак, бирок Совоктун документтеринде буга кыпындай да ишаара кылынган эмес.

Төртүнчү карама-каршылык; эгерде жогорудагы жасалма документ ээсинин айткандары чындык болуп, 42-жылы имам Америкага түшүнүшүү иретинде ортомчусун жиберген болсо, анда 43-жылы Америка элчилигине карата болгон имамдын эпикалык атакасында  эмнеге имам  өз  ортомчосун жиберген эмес?

Бешинчи карама каршылык; Эгерде мындай болсо, 42-жылдан кийин дагы Америка менен байланыштары улана бермек.  Андыктан,  имам тышкы аткаминерлер менен элчиликтер аркылуу байланыш жүргүзүп жүргөн болсо, анда кийинчерек америкалык жетекчилерге  абалын түшүндүрөөр эле. Ошентип, БЧБ (ЦРУ) менен Би Би Си уюмунун документ жасагандары кийинки жылдарга да бир нерсе ойлоп табышмак. Натыйжада, имам Америка менен мамилечил болсо, капитуляцияга каршы сөзүнөн соң өз ишин уланта бермек.

Ал эми шахты Америкадан өзүнчө  бөлүп сүйлөгөн иммигранттардын сөзүндө да өзүнчө бир жалган катылган, анткени имам шахты Американын империалисттик пикирлеринин колдоочусу катары билген жана имам Американын, шах бийлигинин жана диктаторлуктун өмүр сүрүшү  падышачылыкты жана жынаяттарды  арбытаарына толук ишенген.

photo_2016-06-13_10-47-33Имамдын эскертүүсү аскердин эл менен каршылыгын токтотту

Имам Нофль-ле-Шатодо жүргөндө элдин “ Намысы жок аскерди эл көрбөгөн эч жерде” деген ураандары тууралуу кабар жеткирилет.  Имам “аскерге доомат келтирилбесин” деген  буйрук берет, ошентип имам бул ыкмасы менен аскердин каарын токтотуп, эл менен жараштырган. Эл дагы аскерлерге гүл тартуулашкан эле. Кийинчерээк “17-шахривар” окуясынан кийин (Иран элинин Пехлеви режимине каршы көтөрүлүшү) имам аскерлерге кайрылып: “Гүлдүн жообуна ок аттыңарбы?” деп кыйыткан.

Натыйжада,  имам аскерлер тобу ыңкылабга кошулууларына чоң таасирин тийгизген. Мен элдин көтөрүлүштөрүн чагылдырган бир сүрөт көрдүм эле, анда бир аскердик офицер аскерге тиешелүү болгон жүк ташуучу машиненин артында ыйлап баратканы тартылган экен; бул,  имамдын аскердин берилүүсүндө психологиялык жактан канчалык  кылдат амал кылганын билдирет.

Имам калеминин учу менен аскердин сөөк – муундарын  калтыраткан

42-жылы бир канча молдолор имамдын алдына келишип “Сиз шахты жөн коюңуз, анткени анын аскер күчү менен эч ким тиреше албайт” дешкен эле. Имам мындай деп жооп берген: “Бизди алсыз деп ойлобогула, керек болсо мен калемимдин учу менен аскердин сөөк – муундарын калтыратам.” Анын бул баяны кийин “Имам Хомейнинин кыймылы” деген китепте “Калем учу жана  аскердин сөөк- муундары” деген тема менен жазылган.  Азирети бир укмуш психолог эле, анткени анын “аскер биз менен” дегени кийин чындыкка айланганына баары күбө болушту.

Эми болсо имам Хомейнинин ой жүгүртүүлөрү империя менен күрөшүүдө канчалык таасир эткенин көргөн имамдын, ыңкылабдын душмандары жана жаттарга жагалгандар жандары жай алышпай, Иранды бөлүп-жаруу үчүн болгон аракеттерин жасап жатышат. Имам жолуна шек келтирип, күндө жаңы куулуктарды ойлоп чыгарышат. Ушул себептен имамдын жихадына кайра кайрылуу өлкөнүн  өсүүсүнө өтө маанилүү экени баамдалат. Ал эми, “Ыңкылабды  эрчүү реформага карама-каршы” деген сөз ыңкылабка каршы ураандардан.

Имамдын чыныгы жүзүн  өзгөрткүлөрү келет

Зулумдукту жеңген ынкылабдуу  Ислам ошол Мухаммаддын Исламы экенин эске салуу  керек. Бул ыңкылабдуу Ислам ошол баштапкы Исламдын сыпаттарына ээ. Кордолгондордун, жылаң аяк жүргөндөрдүн Исламы, мындайча айтканда насипсиздерди, алсыздарды, бей-бечераларды колдогон Ислам. Ислам бей-бечераларды коргогону келген. Ал эми америкалык ислам бул – капитализм исламы. Ак сөөктөрдүн исламы, күчтүүлөрдүн исламы. Аларга өз  пайдаларына өзгөрүлүп турган, жалгандарын актап турган Ислам керек. Бирок, чыныгы Ислам инсандын ар-намысы жана кадыр-баркын баарынан жогору коет. Америкалык Ислам элдин баркын төмөн түшүрүп, маскарачылыкка түртөт.

Имам: Эч убакта зулум менен каапырдыкты коопсуз деп айта албайм

Айрымдар чын эле “Америка менен алака түзсөк кыйынчылыктарыбыз чечилет” деп кыялданышат, бирок эл аралык  импералисттер эч убакта бир элге пайда келтирип көргөн эмес. Анткени, Американын империясы дүйнө жегичтиги, элди басынтуусу менен жашоосун улап келет; Андыктан Ирандын дүйнөнүн алты ири өлкөсү  менен болгон сүйлөшүү – келишимдеринен кийин, Америкага жылмайсак маселелерибиз чечилет дегендердин адашкандары маалым болду.

Ал эми Макфарлейндин окуясында имамды четке кагалы деп аракеттенишип, Макфарлейнди Тегеранга келишине шарт түзүшкөн эле. Ошентип, имам болгон ишке аргасыз макул болуп, багынып  берет деп ойлошкон, бирок ойлору ишке ашпай,  имам чоочундардын көкүрөгүнөн итерип салган болчу. Бирок, эми да бул окуя өз үмүтүн үзө элек.

Имамдын Советтер Союзуна жазган Исламга чакырык каты; айрымдар “Эмнеге Америкага  ушул ыкманы колдонбойбуз” дешет. Аларга мындай жооп берилмекчи: айрым убакта кат жолдоо достук байланыш түзүү максатын аркалайт, бирок, имам Советтер Союзу менен достук мамиле артам деп эмес,  туура жолго үндөө максатында кат жазган. Ал Горбачев коммунисттик туура эмес жолдон  кичине алыстаганын сезген. Имам ага акыйкат белгисин көрсөтүү менен “Түшкөн жолуңар тайкы, Американын тузагына илинүүдөн абайлагыла” деп эскерткен. Ал эми Америка кан төккүч, элдин  душманы, андыктан аны менен күрөшүүдөн башка жол жок. Ошол себептен  имам буйруган: Зулум басымдуулук кылса күрөшүү болсун, биз ар дайым күрөшүүгө даярбыз.”

Имам Американы зулумдук, жынаят жана  тоноочулуктун белгиси деп билетphoto_2016-06-13_10-47-37

Имамдын интеллектуалдык системасындагы өзгөчөлүктөрдүн бири, ал Американы чоң шайтан деп  атаган жана  аны зулумдук, жынаят менен  тоноочулуктун белгиси деп билген. Ал, баардык кыйынчылыктар Америкага байланышканын сезген, Иранда эле эмес, дүйнө жүзүндөгү жынаяттарга Американын тиешеси бар деген.

Жада калса Европа өлкөлөрүнүн экономикасындагы түрдүү улуттардын кабылган  маселелерине да Американын колу малынганы көрүнөт, “Америка өз кудуретин сактап калуу үчүн дүйнөнү дүрбөлөңгө салат”-  деп баяндаган имам.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс