Бишкек, 10-июнь /muftiyat.kg/ Ош шаарындагы «Энелердин көз жашы» эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, маркумдарга багышталып Куран окулду. Июнь окуясында каза болгондорду эскерүү кечесине өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри З.Аскаров, ички иштер министринин биринчи орун басары С.Өмүрзаков, шаардык кеңештин төрагасы Ж.Ормонов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана июнь окуясында жакындарын жоготкондор катышышты.
Сөз алгандар элди ынтымакка чакырып, дайыма жакшылыктар боло берсин,- деп бата кылышты.
Эскерте кетсек, «Энелердин көз жашы» эстелиги каргашалуу окуянын курмандыктарына арналып, 2010-жылы тургузулган.