• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Муфтият Чубак ажынын пикири боюнча билдирүү жасады

Автор:ruh_admin

Июн 10, 2016

613197.1.1428041627Бишкек, 10-июнь /ca-irnews.com/. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы улуу орозо айы менен жалпыны куттуктап, бул айдын артыкчылыгы тууралуу элге жакшы маалымат кабарларды жеткирүү менен алек болуп, улуу айдын касиети менен элибизге ынтымак, тынчтык, береке жана биримдик келүүсүн үмүт кылып турган учурда, күтпөгөн жерден аалымдар кеңешинин мүчөсү, экс- муфтий  Чубак ажы Жалилов менен эл өкүлдөр палатасынын депутаты Жанар Акаевдин ортосундагы пикир келишпестик коомдун тынчын алып дүрбөлөңгө салды.

Дүрбөлөңдүн себепчиси болгон, каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирет.

-Жума намазы ар бир мусулман үчүн парз амал. Бул талашсыз маселе. Ал эми мыйзам чыгаруучу тараптан бул долбоор колдоо таап, кабыл алынган болсо,  диний башкармалык катары жалпы элге түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн терең ыраазы болобуз.

Чубак ажы өз билдирүүсүндө айтып, “Мен ал киши менен бир дасторкондо олтурбайм, чакырыгына жооп бербейм, жаназасына турбайм” деген ж.б.у.с сымал сөздөрү ал кишинин өзүнө гана таандык. Айтылган ой-пикир жеке кишинин пикири экендигин дагы бир жолу  белгилөө менен бирге, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул ойду тең бөлүшө албастыгын билдирет.

Мындай улуу айда жашап, Жараткандан берилген жакшылыка ээ болуу менен ал жакшылыкты кадырлай албай калуубуз чоң жаңылыштык. Андыктан эки тарапты элдешүүгө жана кечиримдүү болууга чакырат элек. Кечиримдүү айда ким алгач кол сунса жасаган амалы үчүн чексиз соопко жетүүсү шексиз. Аты аталган эки киши элибиз үчүн кызмат кылып келген азаматтар катары, алардын ар бири жасаган аракети менен жумурай журттун кызыкчылыгы аркасында пикир келишпестикке жетти деп билебиз. Кыргызда “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт”-деп айтылгандай, ким болбойлук орозо ай урматында бири-бирибизге кетирген кемчилик аркасында кечирим сурап, ортодогу бир туугандык сезимибиз, жакындык алакабыз жана адамдык пейлиибиз түз боюнча сакталып калуусун Жараткан Аллаадан суранабыз!

 Интернет, соц.тармактарда тарапма тарап болуп, ар ким өз тарабын талашып кайым айтышуу жакшылыка алып келбейт. Эмне үчүн дегенде динибиздин эң жогору койгон талабы, бул- адам укугу, абийир-намысынын сакталуусу. Бири-бирибиздин укугубузга, абийир – намысыбызга доо кетирип, натыйжада орозо амалыбызды да жокко чыгарып албайлы, урматтуу мусулман жамааты. Ошол себептен тараптарды да элдешүүгө чакыруу менен, бул билдирүү болгону жеке кишинин жеке пикири экендигин эсиңиздерге салгыбыз келет. Бизге зарыл нерсе бул – коомдук тынчтык жана туруктуулук. Жеке амбиция же кызыкчылыктар дайыма коомдук кызыкчылыктардан төмөн болуусу шарт.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс