• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Диний радикализмге жол жок!

Автор:ruh_admin

Июн 10, 2016

Чубак ажы менен Жанар АкаевЖогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун жума намазга баруу үчүн түш маалында бир саат убакыт бөлүү боюнча КР Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору комитет жыйынына коюлганда муну ЖК депутаттарынын кээ бири колдоп, кээ бири каршы болуп, кадыресе эле талкуу иштери жүргөн. Жыйын өткөн соң, Чубак ажы Жалилов катуу кетип, бул мыйзам долбооруна каршы болгондордун жаназасына турбайм жана башкаларды да ушуга чакырамын деп, алардын дарек-дайыны, туулган айылы тууралуу маалыматтарын жарыялап, карапайым калктын бүйүрүн кызытты. Ажынын бул сөзү чагымчылдык катары бааланып, тиешелүү органдар буга чара көрүшү керек деген пикирлер айтылды.

Чубак ажы Жалилов: “Алардын жаназасына турбаймын”

Интернеттеги видео кайрылуусунда Чубак ажы Жалилов жума намазга баруучуларга бир саат кошумча убакыт бөлүү боюнча мыйзам долбоорун колдобогон депутаттар менен “бир дасторкондо олтурбаймын, аларга салам бербеймин, жаназасына турбаймын жана менин жаназама келген болсо, аларды катыштырбоону мураскерлериме осуяттаймын. Булар катыша турган шайлоолордо буларга добуш бербеймин, мени уга турган бир туугандарыма дагы ушул осуяттарды багыштаймын. Ушул айткан сөзүм менен Кудай Таалам астындагы карызымдан кутулууга аракет кылдым. Эгерде азирети муфтий аманатында болгонумда, булардын жакшылык-жамандыктарына катышпасын деп жалпы имамдарга буйрук берген болоор элем. Мени кээ бирөөлөр радикал же башка деши мүмкүн. Мен болгону– алар укуктарын пайдалангандай эле — сөз эркиндиги деген укугумдан пайдаландым” деди.
Чубак ажы мыйзам долбооруна каршы болгон депутаттардын айылынан бери атап берди жана “динибизди таза сактоо максатында, муфтиятта, динге каршы иш жүргүзгөн, динибизге душмандык кылган, Ислам баалуулуктарын мазактаган, башка динде болгондордун (өзүн мусулман катары көрсөткөндөрдүн) ысымдары атайын базада камтылса” деген сунуш киргизем. Анткени касиеттүү жаназа намазы мусулмандарга гана окулат эмеспи. Бекер жерден кайрыдинге жаназа окулуп, мусулмандардын көрүстөнүнө коюлуп калып, анын жанындагы жаткан башка момун мусулмандарга алардын кесепеттери тийип калбасын. Окуган молдоке да күнөөкөр болуп калбасын” деди Чубак ажы.

Ал эми депутат Жанар Акаев Чубак ажыга мындай жооп кайтарды.

Жанар Акаев, КР ЖК депутаты: “Жума намаздын убактысын узартуу же узартпоо маселесин радикал молдолор ого бетер күчөтүп жибергендей болду”

— Орозо айы—баарыбызды сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө жана ынтымакка үндөгөн ай. Бирок парламенттеги жума намаздын убактысын узартуу же узартпоо маселесин дал ушул ыйык айда саясатташтырып, радикал молдолор ого бетер күчөтүп жибергендей болду. Мен дагы орозо кармап жатам, ошондуктан өзүн пайгамбарга теңеп алган Чубак ажыга теңелип отурбай, ушулардан өйдө эле болуп койсом болмок, анткени алар динди, өзгөчө исламды бетке кармап, ажылдап көнүп калган эмеспи (Алар сөзсүз тиешелүү органдарга жооп бериши керек).

Жума намазды окуганга мен эч качан каршы болбойм, тескерисинче, намазга жыгылган, ыйманга келген жарандарыбыздын көбөйгөнү баарыбыз үчүн жакшы. Бирок Эмгек кодексин өзгөртүп, бүтүндөй мамлекеттик органдардын, мектептердин, бала-бакча, оорукана, айтор бардык мекемелердин иш графигин жаңыдан иштеп, жума намаздын убактысын өзгөртүүгө азыр ошончолук эле чоң муктаждык барбы? Менин сунушум-муну кызматкер менен жетекчи өз ара түшүнүшүү аркылуу эле чечип келишет, азыркыдай же жума намаздан кечиккени үчүн жарандарыбыз массалык куугунтукка алынып, жумуштан айдалып жатабы? Андайлар болсо мага келгиле, укугуңарды чогуу коргойлу. Кыргыз өкмөтү, профсоюздар уюму, УКМК — баары бул мыйзамдын зарылдыгы жок деген корутунду берген.

Чубак Жалиловдун мыйзамды колдобогон депутаттарга жаназа окулбасын, андай болбосун, мындай болбосун деген радикалдуу пикирлери – бул экстремизм, такфиризм! Бүгүн бул депутаттарды чечими үчүн каапыр атап, жаназа окулбасын, жайга коюлбасын десе, анын кийинки кадамы кандай болот? Ушунча болду компартияга мүчө болгондордун сөөгүн көрүстөндөрдөн чукуп чыгып бөлөбү? Ысырык салган энелерди эмне кылат? Сүмөлөк бышыргандардычы? Муну эми элдер шейх, сиздики туура десе, эйфорияга алынып, өзүн Кудайдан кийинки эле адам сезе баштаган экен. Ыйык Орозодо элди ынтымакка, ыйманга үндөгөндүн ордуна, бөлүп- жарган киши сөзсүз жазасын алат. Түркия деле мусулман өлкөсү, жума намазда иштейт алар, анда эмне, Эрдоганга да жаназа окулбайбы? Булар идеал туткан Сауд өлкөсү, арабдар нефтиге бай, алар аз иштесе жарашат, а биз иш аркылуу өнүгөбүз! Чубак Жалилов, Мотуев, дагы ушуга окшошкондор диний кырдаалды курчутуудан кайра тартышчудай эмес, Казакстанда, Сирияда башка жактагы кооптуу кырдаал буларга оюнчук көрүнөт окшойт. Булардын улуттар аралык, диний араздашууга үндөгөнү-кылмыш. Мына менин айылымдан адамдар чалып атат, кимге жай берип, кимге бербеш керек ошол молдо чечеби деп. Чубак ажы көз жумса, кыргыз жерине эмес, ошол идеологиясына сугарылып, жаназа, жай берүү, жана башкага чейин кийлигишип, адамдарды козутуп атканы үчүн арабдардын кумуна көмүлүш керек

Дин менен ойногон саясатчыларды ээрчибегиле, алардын эл көзүнө намаз окуп, кандай ыплас иштерди жасап атканын биз жакшы билебиз. Элден аброй топтоо үчүн оозунан Алла түшпөй, популисттик мыйзамдар менен алек болгондордун, динди бетине кармагандардан пайдасынан зыяны көп. Криминалы да, чала молдосу да, башкасы да кантип жашаганды бизге үйрөтпөсүн.

Менин жашоодо өз принциптерим бар, уурдабайм, тонобойм, түз жүрөм жана элиме ак кызмат кылам. Теменени төө көрсөтүп, динге каршы, исламга каршы көрсөтөйүн деген оюңардан майнап чыкпайт. Элге жаман көрүнбөйүн деп, билип туруп башкача добуш берип, же башкача сүйлөгөн депутаттардын жолу башка, меники башка. Түшүнүктөр менен эмес, биз мыйзам менен жашашыбыз керек. Радикализмге жол жок!

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: “Диний радикализм мекенибизге кирип келди”

-Чубак ажы исламдын негиздерине туура келбеген, башка көз караштагы мамлекеттик ишмерлерге каршы агрессивдүү, радикалдуу, үгүтчүл, адамдын ар- намысын басмырлаган жарыясы менен Кыргыз тарыхындагы диний радикализмдин баштоочусу болду.

Диний радикализм, эртели- кеч Чубак ажыны туңгуюкка такайт.Ал эми Жанарга окшогон саясатчылардын, мамлекеттин жана жарандардын өмүрүнө коркунуч алып келет!

Чубак ажы радикалдык үгүт жарыясы үчүн Жанар башында турган депутаттардан кечирим сурап, айткан сөздөрүн артка алышы керек. Бул баарыбыз, ошону менен бирге диний аалым үчүн дагы туура жол.Чубак ажы Жалиловдун жарыясы мамлекеттин коопсуздугуна, тынччылыгына, жарандардын жана саясий ишмерлердин өмүрүнө доо кетирет.

Чубак ажы менен депутат Акаевдин ортосундагы талаш экөөнүн гана ортосундагы талаш эмес. Бул цивилизациянын, идеологиялардын, өткөн миндеген жылдардын жана келечектин талашы.

Биз бул маселени терең талкуулайлы. Талашалы, бирок конфликтке барбайлы. Азыркы жаралган дискуссия биздин коомду туура жолду табууга алып келсе, анда ал баарыбыздын жеңишибиз болот. Мамлекет, коом бекемделет. ЖМК, телевидение, радиолордо талкуу уюштуруп, туура жол издейли!

Динара Ошурахунова, жарандык активист: “Мамлекеттик кызматтагы эмгек тартиби жакпаса, башка уюмдарга барып иштеши керек”

-Эгер мамлекеттик кызматтагы эмгек тартиби кимге жакпаса, ал башка өзүнө ылайыктуу келген, мисалы жарандык уюмдарга барып иштеши керек. Конституцияда жазылган “светтик” деген түшүнүктү биринчи кезекте депутаттар сакташы керек. Эгер мыйзам чыгаруу органы Баш мыйзамды сактабаса, анда башкалар мыйзам сактасын деп айтуунун кажети канчалык?

Жолборс Жоробеков, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экс- төрагасы, саясий илимдердин доктору, профессор: “Чубак ажыны өтө урматтайм, бирок акыркы пикирин колдобойм”

-Чубак ажы Жалилов—мен өтө урматтаган аалым. Бирок мен анын акыркы кесе айткан пикирин колдобойм. Биринчиден, биз орозо айында турабыз. Экинчиден, мамлекет ичинде эки ирет революция болуп, мына эми бутубузга туруп келатканда, мындай радикалдуу бүтүм чыгаруу жарабайт. Куранда деле “ар бир нерсенин өз убакыт, сааты бар, аны бир саат эртелетип же кечеңдетип коюуга мүмкүн эмес” деп айтылат. Ошондой эле намаз окуганын жарнамалап, өзүн көтөрө чалуу туура эместиги белгиленген. Биздин мамлекеттегидей эркиндик кайсы өлкөдө бар? Алсак “Таблиги жамаат” деген биздегидей уюм башка эч бир мамлекетте жок. “Кээде сопусунган депутаттар арабдардын акчасын пайдаланып жатабы деген да ой келет.

Интернет булактарында, ЖМКда өздөрүнүн оң-терс пикирлерин билдирип жаткан кезде бул тууралуу КР муфтияты ак же көк деп ооз ача элек. Ал эми муфтияттын басма сөз кызматынын шаардык телефонун кечээ кечке эч ким албады. Бул жерде муфтият жетекчилиги, өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматы да өз баасын берет деп ойлойбуз.

Айгүл Бакеева

 http://pk.kg/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс