• Чт. 26 мая, 2022

Популярные метки

Мусулман мэр: Ифтар дасторконун Лондондун баш аягына жаям

Автор:ruh_admin

Июн 10, 2016

photo_2016-06-10_16-50-28Икна Куран маалымат порталынын эл аралык тобу Көз карандысыз газетасынан кабарлайт: Лондондун жаңы мусулман мэри Садык Хан өзүнүн билдирүүсүндө Ыйык Рамазан айында Лондондун чиркөөлөрүндө, синагогаларда жана мечиттеринде ифтар дасторконун жаярын айтты.

Садык Хан Рамазан айы ислам жөнүндө туура эмес ой жүгүртүүлөрдү жоюуга учур келген ай деди. Лондон шаары жүз жылдар бою акыйда, маданияттардын түрдүүлүгүнө эркиндик берип келген шаар. Ал эми Рамазан айында мусулмандар орозо кармашаарын көбү билишет, жада калса биримдик менен ынтымактын белгиси катары мусулмандар менен бирге орозо кармаган досторум бар. Бул айда көп программаларым бар, анын үстүнө Европа биримдигинин референдуму жакындап калды, андыктан айырым иш убактыларымда бир гана суу менен ооз ачып калышым мүмкүн, бирок мен үчүн бул көйгөйлүү маселе эмес, кандай болсо да жумушума кедерги келтирбейм. Бардыгы адамдын өз колунда, силердин денеңер силер ойлоп көрбөгөндөй чыдамдуулукка ээ экенин эсиңерге тутуп койгула.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс