• Сб. Ноя 26th, 2022

Популярные метки

Нарын казыяты Рамазандагы 30 күн аралыгында ооз ачыруу аземин өткөрөт

Автор:ruh_admin

Июн 8, 2016

Бишкек, 8-июнь /muftiyat.kg/  Нарын облусунун мусулмандар казыятынын борбордук мечитинде  Рамазан айындагы 30 аралыгында ар күнү жалпы элге ооз ачаар аземи уюштурулууда.

“Алла Таала берекелүү Рамазан айында Өзүнүн берекесин мол чачып, быйыл да Рамазандын алгачкы күнүнөн  баштап эле орозо кармаган мусулман бир туугандарыбызга ооз ачтырып сооп алып, Алланын ыраазычылыгын табайын деген мекендештерибиз кезекке туруп, алдын-ала жаздырып, элге ооз ачтырышууда. Нарын казыятынын атынан Рамазан айы ичинде ооз ачтырган жана ооз ачтыруу кезегин күтүп турган бардык байке-эжелерибизге ыраазычылыгыбызды билдиребиз”,-деди казыяттын басма сөз кызматынан.

Ооз ачыруу саамалыктары  казыяттын короосунда орнотулган 2 чоң чатырда болуп, жалпысынан күнүнө орточо эсеп менен 150гө жакын адам келүүдө.  Андыктан  Бардык каалоочуларды казыятка келип ооз ачып кетүүгө чакырабыз!

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс