• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

ЧУБАК АЖЫ МЕНЕН ЖАНАР АКАЕВДИН КАЙЫМ АЙТЫШУСУ

Автор:ruh_admin

Июн 8, 2016

ТОЛУК ОКУП ПИКИР ЖАЗЫНЫЗ.

Чубак ажы Жалилов: депутат Жанар Акаев жана башка анын колдоочуларына олсо жаназа окубаш керектигин жана коргон жерде кол берип учурашпоого чакырды… Бисмиллаахир рохмаанир рохиим. Күн көрбөгөн күн көрсө күндүзү чырак күйгүзөт… «Боёкчуну боёкчу десе атасынын сакалын боёптур» деген экен илгери бирөө. Касиеттүү орозонун алгачкы күнү Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана ден соолук боюнча комитетте, жума күнкү түшкү дем алууну бир саатка узартуу боюнча депутат Икрамов Тазабек мырзанын көтөргөн мыйзамы талкууланды. Маданиятты жакшы билген, эл арасында жүрүп жашоонун күрөө тамырын сезе билген комитет төрагасы Садык Шер-Нияз салабаттуу сөзү менен колдоп, анын маанилүү кебин сөздүн кунун билген Момбеков Рыскелди улантып, айтор үч депутат колдоду, алты депутат колдогон жок. Колдогон депутаттар: 1. Садык Шер-Нияз; 2. Момбеков Рыскелди; 3. Икрамов Тазабек; Колдобогон депутаттар: 1. Акаев Жанарбек; 2. Исмаилова Аида; 3. Молдобекова Гүлкан; 4. Токторов Алмазбек; 5. Самигуллина Альфия; 6. Строкова Евгения; Колдогон депутаттардан Аллах ыраазы болсун. Мыйзамдын кабыл алынуусу башка маселе, маселе ким ушул мыйзамды колдогондо турат. Өзүнүн мусулманчылыгын бекемдеп, Курани Каримге кулак салган нарктуу жердин перзенттери экендигине далил беришти. Кудай Таалам ыйык Куранда айтат: «Эй, момундар! Качан азан, Айтылганда жума күнкү намазга, Шашылгыла, Алланы эске салуу (жумушуна). Соодаӊарды токтоткула! (Соодадан артык соода бар, пайдасы чоӊ, Өтө кылдат болгула бир ушуга!) (Пайда издесеӊ, Алланы эстеп, зикир кылгын оболу), Эгер билгиӊер келсе, ушул иштин, Акыбети жакшыраак да, жогору. Бүткөн кезде намазыӊар окулуп, Тарагыла жер-жерлерге, (Бараар жакка багытты түздөгүлө. Алла Жоомарт), ырыскыны Берүүчү, Бир Ошондон алчуӊарды издегиле! Алланы көп эстегиле! (Тынчтык конот жүрөк менен маанайга), Жетесиӊер (көптөн күткөн) таалайга!» (Жума сүрөөсү- 9,10) Надырбек Алымбековдун котормосунда. Кудай Таалам колдогон депутаттарды Өзү колдосун, тукумдарынан жакшыларды чыгарсын. Жаман сөз, жаман көз, жаман колдон сактасын. Ыймандан тайгылтпасын. Тилектерин кабыл кылган болсун. Омийин. Ал эми колдобогон депутаттар боюнча бир-эки ооз сөз. Булардын өз ыктыяры. «Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса»! Демократик мамлекеттеги парламентте эмне каалаганын айтканга укуктуу. Ошол эле эркин мамлекеттин жараны катары мен Чубак ажы Жалилов мыйзамдын долбоорун колдобогон депутаттар менен… • Бир дасторкондо олтурбаймын; • Аларга кол берип салам бербеймин; • Алардын жаназасына турбаймын, жана менин жаназама келип калыша турган болсо, аларды катыштырбоону мураскерлериме осуяттаймын; • Булар катыша турган шайлоолордо буларга добуш бербеймин; • Мени уга турган бир туугандарыма дагы ушул осуяттарды багыштаймын; • Ушул айткан сөзүм менен Кудай Таалам астындагы карызымдан кутулууга аракет кылдым; • Эгерде, Азирети Муфтий аманатында болгонумда, булардын жакшылык-жамандыктарына катышпасын деп жалпы имамдарга буйрук берген болоор элем; Мени кээ бирөөлөр радикал же башка деши мүмкүн. Мен болгону – алар укуктарын пайдалангандай эле — сөз эркиндиги деген укугумдан пайдаландым. Жогорку Кеӊештин интернеттеги дарегинде жайгашкан бул депутаттардын туулган району менен айылын жана кайсы фракциядан экенин айтып койсом ашыкча болбос. Балким кимдин бирөөгө пайдасы тийип калаар: 1. Акаев Жанар. Алай районунун Кабылан-Көл айылы. «СДПК» фракциясы. ЖКдагы мечиттин кереги жок деп айтып эле, жакында айылына мечит ачкандардын катарында жүрдү. Момун мусулман бир алданган жерине экинчи ирет алданбайт. 2. Токторов Алмазбек. Ноокат району, Эски-Ноокат айылы. «Кыргызстан» фракциясы. Фракция жетекчиси Канат ажы Исаев (намаз окуйт). 3. Исмаилова Аида. Бишкек. «Республика-Ата-Журт» фракциясы. Соттошуп мандат алган. 4. Молдобекова Гүлкан. Талас району, Кара-Ой айылы. «СДПК» фракциясы. 5. Самигуллина Альфия. Бишкек. «СДПК» фракциясы. 6. Строкова Евгения. «СДПК» фракциясы. Акырында муфтиятка сунушум: Динибизди таза сактоо максатында, муфтиятта, динге каршы иш жүргүзгөн, динибизге душмандык кылган, Ислам баалуулуктарын мазактаган, башка динде болгондордун (өзүн мусулман катары көрсөткөндөрдүн) ысымдары атайын базада камтылса. Анткени касиеттүү жаназа намазы мусулмандарга гана окулат эмеспи. Бекер жерден гайрыдинге жаназа окулуп калып, мусулмандардын көрүстөнүнө коюлуп калып, анын жанындагы жаткан башка момун мусулмандарга алардын кесепеттери тийип калбасын. Окуган молдоке да күнөөкөр болуп калбасын. Кудай Таалам адаштырбасын… Чубак ажы Жалилов

ЖУМА НАМАЗ БОЮНЧА(Ж.Акаев)

Орозо-бул баарыбызды сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө жана ынтымакка үндөгөн ай. Бирок, парламенттеги жума намаздын убактысын узартуу же узартпоо маселесин дал ушул ыйык айда саясатташтырып, радикал молдолор ого бетер күчөтүп жибергендей болду. Мен дагы орозо кармап жатам, ошондуктан тиги өзүн пайгамбарга теңеп алган Чубак ажы, Мотуев сотуевдерге теңелип отурбай, ушулардан өйдө эле болуп койсом болмок, анткени алар динди, өзгөчө исламды бетке кармап, ажылдап көнүп калган бир немелер эмеспи. (алар сөзсүз тиешелүү органдарга жооп бериши керек)

Жума намазды окуганга мен эч качан каршы болбойм, тескерисинче, намазга жыгылган, ыйманга келген жарандарыбыздын көбөйгөнү баарыбыз үчүн жакшы. Бирок эмгек кодексин өзгөртүп, бүтүндөй мамлекеттик органдардын, мектептердин, бала-бакча, оорукана, айтор бардык мекемелердин иш графигин жаңыдан иштеп, жума намаздын убактысын өзгөртүүгө азыр ошончолук эле чоң муктаждык барбы? Менин сунушум-муну кызматкер менен жетекчи өз ара түшүнүшүү аркылуу эле чечип келишет, азыркыдай, же жума намаздан кечиккени үчүн жарандарыбыз массалык куугунтукка алынып, жумуштан айдалып жатабы? Андайлар болсо мага келгиле, укугуңарды чогуу коргойлу. Кыргыз өкмөтү, профсоюздар уюму, УКМК, баары бул мыйзамга каршы корутунду берген. Зарылдыгы жок деген.

Тиги Чубак Жалиловдун мыйзамды колдобогон депутаттарга жаназа окулбасын, андай болбосун, мындай болбосун деген радикалдуу пикирлери-бул ЭКСТРЕМИЗМ, ТАКФИРИЗМ! Бүгүн бул депутаттарды чечими үчүн каапыр атап, жаназа окулбасын десе, жайга коюлбасын десе, анын кийинки кадамы кандай? Ушунча болду компартияга мүчө болгондордун сөөгүн көрүстөндөрдөн чукуп чыгып бөлөбү? Раззаков менен Масалиевдердин сөөгүн чукуйбу? Ысырык салган энелерди эмне кылат? Сүмөлөк бышыргандардычы? Муну эми элдер шейх, сиздики туура десе, эйфорияга алынып, өзүн Кудайдан кийинки эле адам сезе баштаган экен. Ыйык Орозодо элди ынтымакка, ыйманга үндөгөндүн ордуна, бөлүп жарган неме сөзсүз жазасын алат. Түркия деле мусулман өлкөсү, жума намазда иштейт алар, анда эмне Эрдоганга да жаназа окулбайбы? Булар идеал туткан Сауд өлкөсү, арабдар нефтиге бай, алар аз иштесе жарашат, а биз иш аркылуу өнүгөбүз! Чубак Жалилов, Мотуев, дагы ушуга окшошкондор диний кырдаалды курчутуудан кайра тартышчудай эмес, Казакстанда, Сирияда башка жактагы кооптуу кырдаал буларга оюнчук көрүнөт окшойт. Булардын улуттар аралык, диний араздашууга үндөгөнү-кылмыш. Мына, менин айылымдан адамдар чалып атат, кимге жай берип, кимге бербеш керек ошол серейген молдо чечеби деп. Чубак ажы көз жумса-кыргыз жерине эмес, ошол идеологиясына сугарылып, жаназа, жай берүү, жана башкага чейин кийлигишип, адамдарды козутуп атканы үчүн Арабдардын кумуна көмүлүш керек!

Дин менен ойногон саясатчыларды ээрчибегиле, алардын эл көзүнө намаз окуп, кандай ыплас иштерди жасап атканын биз жакшы билебиз. Элден аброй топтоо үчүн оозунан Алла түшпөй, популисттик мыйзамдар менен алек болгондордун, динди бетине кармагандардан пайдасынан зыяны көп. Криминалы да, чала молдосу да, башкасы да кантип жашаганды бизге үйрөтпөсүн.

Менин жашоодо өз принциптерим бар, уурдабайм, тонобойм, түз жүрөм жана элиме ак кызмат кылам. Чымындан пил жасап, динге каршы, исламга каршы көрсөтөйүн деген оюңардан майнап чыкпайт. Элге жаман көрүнбөйүн деп, билип туруп башкача добуш берип, же башкача сүйлөгөн депутаттардын жолу башка, меники башка. Эмкиде добуш албай калбайын деп маскарапоз болуп жагалданып да отурбайм силерге, тескери бата берип, өзүн кудайдын жердеги өкүлүндөй сезген немелердин пикирине кылым кыйшайбайт. Радикалдардын басымы-добуш берүүнүн жыйынтыгына эч таасир эте албайт.

Түшүнүктөр менен эмес, биз мыйзам менен жашашыбыз керек.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс