• Чт. 26 мая, 2022

Популярные метки

Э. Эрматов: «Орозо айы руханий тазарууга ыңгайлуу жол ачат. Сөз жөнүндө эки ооз сөз»

Автор:ruh_admin

Июн 7, 2016

 

* * *
Коомдогу ордубуз, бири бирибиз менен болгон
мамилебиз ооздон чыккан сөзүбүзгө, аткарыла турган
убадабызга жараша бааланат. Дил-ыйманыбыз
таза болсо, сөзүбүз да орундуу, салмактуу, адилет,
ак болот. Бекеринен: «Илабизибиз алал», – деп айтылбайт.
Илабизи арамдар сөзүндө турбай берген
убадасынан танып, сөзүнүн туругу жок пендеге айланат.
Бүгүн сүйлөгөнүн эртең танып, эмне деп
сүйлөп жатканын билбей калат. Ошолор кантип
адамбыз деп бой көтөрүшүп жүрүшөт? Кыргыз элинде
мындай экижүздүүлөр, туруксуздар акыркы жылдары
көбөйүп кетти. Сөздүн сойкулары өсүп чыкты.
Коомдо сөз маскарапозу жайнады. Мааниси жок
шылдырак, жылтырак сөздөрдүн сели каптады.

* * *
Сөз – жандүйнөнүн күзгүсү дешет. Руханий
дүйнөсү бай адамдын сөзү уккулуктуу, мааниси
терең, көркөмдүү чыгат. Жүрөгүңдү толкундатып,
сезимиңди сергитип, кыялыңды көкөлөтүп учурат.
Акылыңа азык болуп берет. Канчалык уксаң дагы
тойбойсуң. Бул Алла Тааланын пендесине берген
улуу шыбагасы.

* * *
Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын сөз
өнөрүнө карата айтылган керемет хадистери бар.
Алардын маани-мамызына назар салсак не деген осуяттарга
туш келебиз. Маселен, адамдын сулуулугу
анын тилинен билинет; Алла Тааланын ою боюнча
эң жакшы сөз – туура сөз; Алла Таала үч нерсени
жактырат: аз сүйлөгөндү, аз уктаганды, аз жегенди;
чын сүйлөө жакшылыкка, ал эми жакшылык бейишке
баштайт; калп сөз-сөздүн апааты сыяктуу, осуят
сөздөр ар бир адам үчүн мыйзам болуш керек.
Бирок ошолорду биз аткарып жатабызбы? Калп
сөздөрдүн төөбастысында калып жаткан жокпузбу?

* * *
Маданияттуулуктун анабашы сөз. Маданияттуу
адам ар кандай кырдаалда сөздүн чүйгүнүн, берметин,
тунугун таап, ал эми маданиятсыз бирөөнү жөн
жерден каап, басмырлап, кекетип сүйлөйт. Сөз билген
адам таасын, так, даана, далилдүү сүйлөйт.
Мындай деңгээлге жетиш үчүн көркөм адабияттарды,
элдик оозеки дастандарды, эпосторду көп окуп,
чечендик өнөрдүн сырларын астейдил үйрөнүш керек.
Эне тилибиздин байлыгына басым жасабаган
адам өзүн маданияттуумун деп айталбайт.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс