• Сб. Ноя 26th, 2022

Популярные метки

Президент А. Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Автор:ruh_admin

Июн 6, 2016

скачанные файлыБишкек, 6-июнь /ca-irnews.com/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалымат менен камсыздоо кызматы билдирди.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу мекендештер,

 Кадырман момун мусулмандар!

Сиздерди момун мусулмандар ар дайым илгери үмүт жана асыл тилек менен күткөн Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктаймын!

Бул айда ар бир мусулман баласы денесин гана эмес, жан-дүйнөсүн тазалап, жакшылыктарга ниет кылат. Жаман ой, жаман сөздөн алыс болууга, колунда жокторго каралашып, садага берүүгө, жакындары менен мамилени дагы бекемдөөгө умтулушат.

Ар бирибиз күнүмдүк түйшүктөн бойду жыйып, Жараткан берген өмүрдү маңыздуу, адал жашап жатамбы деген суроого жооп издейбиз. Эгер ар бирибиздин ой-дилибиз таза болсо, үйүбүз, коомубуз таза болот.

Ар бир үйдүн коломтосу дайыма жанып турсун, асыл максаттарыбыз орундалсын, ак тилектерибиз Жаратканга багышталсын.

Бардык жарандарыбыздын, мамлекетибиздин мындан ары да  ынтымакта, эркиндикте жана бакубатчылыкта өмүр сүрүшүн Жараткандан тилейбиз.

Кыргызстаныбызга ачык асман, элибизге бакыт-таалай каалайм!

Орозобуз кабыл болсун!

Кыргыз Республикасынын                                                

Президенти                                                         А.Ш. Атамбаев”.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс