• Чт. Дек 1st, 2022

Популярные метки

Актөбөдөгү атышуу алты адамдын өмүрүн алды

Автор:ruh_admin

Июн 6, 2016


Актөбө шаарындагы атышуу тууралуу интернеттеги видеодон алынган сүрөт

Актөбө шаарындагы атышуу тууралуу интернеттеги видеодон алынган сүрөт

Казакстандын Ички иштер министрлиги куралдуу кол салуудан алты адам, анын ичинде бул кылмышка шектүү делген үч киши өлгөнүн кабарлады. Шаарда террорчуларга каршы операция жүрүп жатат.

Жекшемби күнү Казакстандын Актөбө облусунун админстративдик борбору — Актөбө шаарында белгисиз адамдар курал саткан эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салды. Андан бир канча адам каза тапканын Казакстан ИИМинин атайын өкүлү Алмас Садубаев журналисттерге билдирди.

— Актөбө облусунун полиция бөлүмүнө курал саткан “Паллада” дүкөнүнө кол салуу болгону боюнча маалымат келип түшкөн. Ошондой эле дагы бир курал саткан дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салуу болгону белгилүү болду. Кол салуу учурунда “Паллада” дүкөнүнүн сатуучусу каза таап, дагы бир киши жаракат алды. Ал эми аскер бөлүктөгү окуяда бир офицер жана бир жоокер каза тапты. Мындан тышкары тогуз аскер жаракат алган, — деди Алмас Садубаев.

— Кол салгандардын бири колго түшүп, үчөө окко учту, бирөө жаракат алды. Бир нече кылмышкер курчоого алынып, кол салууга катышкан бир нече адам из жашырып кетти. Аларды издөө иштери жүрүүдө.

Видеону жергиликтүү тургундар YouTube каналына жүктөшкөн

Казакстандын Ички иштер министрлиги Актөбөдө антитеррордук операция жарыялады жана элди көчөгө чыкпоого чакырууда.

Казакстандын “Диапазон” гезити күбөлөргө таянып маалымдагандай, атышуу түшкү саат экилерде башталган. Белгисиз топ курал сатчу дүкөндөргө бастырып кирип, тоноп кеткен. 24-30 жаштын тегерегиндеги жигиттер полиция бөлүмүнө, аскер бөлүгүнө чабуул коюп, айрымдарды барымтага алганы да кабарланган.

Видеону жергиликтүү тургундар YouTube каналына жүктөшкөн

Тартип коргоо органдары Актөбөдө жолдорго бекет коюп, автоунааларды текшерүүдө.

Маалыматтар боюнча Актөбөнүн үч районунда — бешинчи микрорайондо, филармония жана “Паллада” курал сатуучу дүкөнүнүн айланасында атайын операция жүрүүдө. Ички иштер министрлиги “Азаттыктын” казак кызматына атышууну ырастап, бирок кеңири маалымат берүүдөн баш тарткан.

Видеону жергиликтүү тургундар YouTube каналына жүктөшкөн

Актөбөдөгү атышуунун күбөсү, атын атабаган адам көргөнүн мындайча айтып берди:

— Мына ушул тарапка чуркап келип, акыркы машинага жашынып, атып жатты. Андан кийин тиги тарапка житип кетти.

Казакстандыктар Актөбө шаарында 2011-жылы да атышуу болгонун эске салышууда. Анда 10-июнда шаардагы Жуковск жана Акимжанов көчөсүнүн бурчунда белгисиз адамдар «Мазда» автоунаасынын жүргүнчүсү, 22 жаштагы Нурлан Темировго кол салган. Ал октон көз жумган. Кылмыш иши козголуп, Актөбө облусунун сегиз тургуну 4 жылдан 19 жылга чейин кесилген. Алар терроризм жана мыйзамсыз курал, жардыргыч зат алып жүрүү беренелери боюнча айыпталган.

Казакстанда жаз айларында жердин узак мөөнөткө чет өлкөлүктөргө ижарага берилишине каршы нааразылык акциялары орун алган. 21-майга белгиленген жалпы улуттук митинг тартип коргоо органдарынын алдын ала көргөн чараларына байланыштуу болбой калган. Казакстандык укук коргоочулар жана жарандык активисттер 21-майга чейин жана андан кийин адамдарды негизсиз камоо жана кармоолор болгонун, бул адам укуктарын бузуу экенин билдирип келатат.

Булак: Азаттык

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс