• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Орозо деген эмне?

Автор:ruh_admin

Июн 4, 2016

Орозо араб тилинде «Сиям» деп аталып, сөздүктө бир нерседен өзүн тыюну билдирет.
Шариат термининде  «Орозо таң жүргөндөн баштап, күн батканга чейин ниет менен орозону ачуучу нерселерден өзүн тыюу» дегенди түшүндүрөт.

Орозону бузуучу нерселер  дегенде жеп-ичүү, жыныстык катнаш кылуу жана башкалар.  Рамазан айынын орозосун кармоо экинчи хижрий жылда фарз кылынган. Аныгы экинчи хижрий жылдын Шаьбан айында, хижраттан он сегиз ай өткөндөн соң жана кыбыла Каьбага бурулгандан кийин фарз кылынган. Анын себеби айдын келүүсү. Анткени аны Рамазан айына таандык кылынат жана айдын кайталануусу менен орозонун фарздыгы да кайталанат. Рамазандын ар бир күнүнүн жаңылануусу анын кармалуусуна себеп болот.
Рамазан айынын орозосун кармоо Куран, сүннөт жана ижмаь менен сабит болгон.
Аллах таалаа «Бакара» сүрөсүндө:

«Эй ыйман келтиргендер, такыбаа болоорсуңар деп, силерге да силерден мурунку өткөндөргө фарз кылынгандай орозо кармоо фарз кылынды». (183-аят).

«Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолодун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо анда орозосун кармасын» (185-ааят).
Ошондой эле, Пайгамбарыбыз  (с.а.в)  өзүнүн хадистеринде орозонун фарз экендигин көп кайталаган.

Абу Хурайра р.а.дан риваят:
«Пайгамбар (с.а.в) айтты:
«Силерге берекелүү Рамазан айы келди. Аллах азза ва жалла силерге ал айдын орозосун (кармоону) фарз кылды. Ал айда (бүт) асман эшиктери ачылат. Тозок эшиктери жабылат. Анда бейбаш шайтандар кишенделет. Ал айда Аллахтын миң айдан жакшыраак бир түнү бар. Ким ошол түндүн жакшылыгына жетише албаса, анда (бардык жакшылыктардан) кур жалак калыптыр». Имам Термизий жана Имам Ибну Маажа риваяты.

Ислам үммөтү дайыма Рамазандын орозосу фарз экендигине бир пикирде болуп келген. Жогоруда орозо араб тилинде «Сиям» деп аталып, анын сөздүктөгү жана шариаттагы маанилери айтылды.
Мухтасарул викояда: «Орозо таң жүргөндөн күн батканга чейин ниет менен жеп-ичүүнү жана жыныстык катнашты таштоо»- деп айтылган.
Башка аалымдарыбыз буга «Ага ахл болгон адам тарабынан»- деп айтылганда жакшы болмок деп айтышкан. Мына ошондо этек кир жана төрөттөн кийинки канды көрүп жаткан аялдарга орозо фарз эместиги ачык болмок. «Таң»дан мурат субху садык (жайылган чын таң). Орозонун фарздыгы күн батканга чейин экендиги Курандын:

ثم اتموا الصيام إلى الليل
«Андан кийин орозону кечке чейин толук кылгыла»,- деген аятынан алынган.
Орозого жана башка ибаадаттарга ниетти шарт кылуу, адатта ибаадаттарды бир-биринен айырмалоо үчүн болгон. Ошондой эле жөнөкөй амалды ибадатка айландыруу үчүн да ниет шарт. Демек ар бир жакшы иш ниет менен ибадатка айланат.
Жогоруда өкүмдөрү түшүнтүрүлгөн Рамазан айынын орозосун кармоо акыл-эси жайында болгон балакатка жеткен жана башка шарттарды өз ичине алган момун мусулмандарга фарз.

 

Даярдаган: КМДБнын окуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Абибилла ажы Кадырбердиев.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс