• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Кыргызстандын муфтияты  чыгарган китептер имамдарга таратылып берилди (фото)

Автор:ruh_admin

Июн 4, 2016

photo_2016-06-01_13-52-56Бишкек, 4-июнь /ca-irnews.com/. Бүгүн, 4-июнь күнү саат  Бишкек шаарындагы Парк-Отель мейманканасында  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы тарабынан басылып чыккан китептердин көргөзмөмү жана белгилүү дин аалымы  Мухаммед Садык Мухаммед Юсуфдун китептеринин көргөзмөсү болуп өттү. Белгилүү дин аалымы, СССРдин тушунда Орто Азиянын муфтийи болуп турган М. Садыктын “Ачык кат” жана “Дин – насыйкат” (“Религия – Насиха”) аттуу китептери өзбек тилинен кыргыз жана орус тилдерине которулган. Андан тышкары имамдар үчүн колдонмо катары дин аалымдары Р. Эратов жана К. Жаркынбаев тарабынан жазылган “Экстремизмге каршы күрөшүү” аттуу китеп орус тилине да (“Борьба против экстремизми”) которулуп, басмадан жарык көргөн. Ошондой эле “Жума хутбалары” деп аталган имамдар үчүн колдонмо Р. Эратов, Ж. Исмаилов, К. Жаркынбаев жана Ж. Шергазиевдер тарабынан даярдалган. Аталган китептер Бишкек шаарынын Биринчи май, Ленин, Октябрь жана Свердлов райондорундагы мечиттердин имамдарына таратылып берилди.

Иш-чара Иш чара Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жана 2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын №1.1 Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына ылайык диний чөйрөдөгү мамлекеттик жөнгө салуунун өңүтү жана аныны принциптерин ишке ашыруу алкагында жана Кыргызстандын маданиятын, тилин, салттуу руханий баалуулуктарын сактоо жана өнүктүрүү максатында өткөрүлгөндүгүн салтанаттын ачылышында Муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов билдирди. “Эч качан кимдир-бирөөнүн пикирине ок же күч менен каршы чыгууга болбойт. Туура ойду сөз менен гана жеткирүү керек. Тилекке каршы акыркы мезгилде арабызда ислам дининин туура жолунан адашкан экстремисттер пайда болууда. Алар башкаларды да өзүнүн артынан ээрчитүүгө аракет кылып жатышкандыгы жашыруун эмес. Ошондуктан биз колуңуздардагы китептерди кыргыз жана орус тилинде чыгарып, тартуулап отурабыз. Сиздер алгач бул китептерди толук окуп чыгып, мазмунуна түшүнүп, андан соң жалпы элге, момун мусулмандарга жеткиресиздер деп ишенебиз”,- деди ал.

Андан соң сөз берилген Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев буларга токтолду: “Мен окууну бүтүп келип, 2005-жылы борборубуздагы диний окуу жайлардын биринде окутуучу болуп иштеп жүрүп бир күнү “Хизб-ут-Тахрирдин” 4-5 жактоочулары менен дин тууралуу сүйлөшүп калдым. Алар атайлаппы же билбестиктенби, чыныгы ислам динин бурмалаган сөздөрдү айта башташты. Биз талашып-тартышып отуруп, аз жерден мушташып кете жаздадык. Анткен менен мен аларга исалам динин бурмалап, туура эмес сөздөрдү айтып жатышкандыгын далилдеп бердим. Пайгамбарыбыз айтпаганды айтты деш өзү чоң күнөө болуп саналат. Ислам дини ташбоорлуктун, күч колдонуунун, зомбулуктун, бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйуунун дини эмес, тескерисинче мээримдүүлүктүн, сабырдуулуктун, адилеттүүлүктүн дини. Аны башкаларга сөз менен гана жеткирүү керек. Ошондуктан биз колуңуздардагы китептерди атайын Сиздер үчүн чыгардык. Бир ирет Ошко барып калып, өзбек тилиндеги белгилүү дин аалымы Мухаммед Садык Мухаммед Юсуфдун бул китептери колума тийип калды. Окуп көрсөм, бүгүнкү күнгө, чыныгы ислам дини тууралуу, экстремизмге каршы ойлор айтылыптыр. Ошондуктан аны кыргыз жана орус тилдерине которуп чыгарууну чечтик. Бул китептер имамдардан тышкары укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, эксперттер менен аналитиктерге, жалпы эле ислам динин иликтеп, туура маалымат алууну каалагандардын баардыгына арналат”,- деди ал.

Муфтийдин кеңешчиси, Ташкентте  Мухаммед Садык Мухаммед Юсуф  менен чогуу окуган, жакын досу Дүйшөнбек ажы дин аалымынын студент кезде кандай болгондугу, адамкерчилик касиети жана кыргыз эли менен Кыргызстанга мамилеси тууралуу айтып берди: “Мен М. Садык менен Ташкенде 6-7 жыл чогуу окуп, студенттик жылдарыбыз бирге өттү. Ошондуктан жакын дос, сырдаш да элек. Ал диний окуу жайга келгенде эле Ыйык Курандын айрым сүрөөлөрүн жаттап, даяр болуп келген экен. Өзү да зээндүү, тырышчаак болгондуктан, тез эле бирге окуган курбалдаштарынан алдыга озуп кетти. Анткен менен бир сырдуу, болор-болбос чыр-чатакка аралшпаган, оор басырыктуу болчу. “Мага кыргыз эли өтө жакын, балалык чагым Ноокатка жакын аймактагы тоолордо мал багып жүрүп өттү”,- дечү. Орто Азиянын муфтийи болуп, жумушу көптүгүнө байланыштуу көп чакырган жактарга бара берчү эмес, анткен менен Кыргызстанга чакырсак, жок дебей келип берчү. 1991-жылы борбордук мечиттин курулушуна да катышып, ага каражат жагынан көп салым кошкон”,- деди ал.

1

2

5

photo_2016-06-01_13-52-06

photo_2016-06-01_13-52-25

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс