• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

«Ас-салаам» кайрымдуулук фонду муфтиятка 5 миң даана Куран китебин белекке берди (фото)

Автор:ruh_admin

Июн 4, 2016

13389173_1036569446417430_1656644947_oБишкек, 4-июнь /ca-irnews.com/.  «Ас-салаам» кайрымдуулук фондуКыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына 5 миң даана Куран китебин тапшырды. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жалпы эмгек жамааты жана аталган фонддун Кыргызстандагы президенти Нурмухаммад Миңбаев катышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

«Кувейт мамлекетинен келишкен демөөрчүлөр жана Ас-салаам кайрымдуулук фонду биздин элибизге 5 миң даана Куран китебин белекке беришти. Биз жалпы кыргыз элинин атынан ыраазычылыгыбызды билдиребиз»,-деди КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы  Сайпиев.

Куран китеби улуу Рамазан айынын урматы үчүн тапшырылып, Куран жакынкы күндөрү муктаж болгон диний окуу жайларга жана Куран жаттатуучу медреселерге берилмекчи.

13324242_1036569459750762_1997675067_o

13351007_1036569473084094_780102026_o

13388947_1036569453084096_388324468_o

13389031_1036569463084095_918543753_o

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс