• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

Муфтият тарабынан басылып чыккан китептердин көргөзмөсү өтөт

Автор:ruh_admin

Июн 3, 2016

DSC_80901 4-июнь күнү саат 10:00до Бишкек шаарындагы Парк-Отель мейманканасында  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы тарабынан басылып чыккан китептердин көргөзмөмү жана белгилүү дин аалымы  Мухаммед Садык Мухаммед Юсуфдун китептеринин көргөзмөсү өтөт.

Иш-чара Иш чара Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жана 2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын №1.1 Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына ылайык диний чөйрөдөгү мамлекеттик жөнгө салуунун өңүтү жана аныны принциптерин ишке ашыруу алкагында жана Кыргызстандын маданиятын, тилин, салттуу руханий баалуулуктарын сактоо жана өнүктүрүү максатында өткөрүлөт.  

Көргөзмөгө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, дин аалымдары жана белгилүү инсандар келишмекчи.

Башталышы: Саат 10:00

Дареги: Бишкек шаары Парк-Отель мейманканасы. Орозбеков менен Фрунзе көчөсүнүн кесилиши.

Толук маалыматты 0(705) 05-06-10 телефонунан алсаныздар болот. 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс