• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Муфтий Германиядагы  “Экстремизм, терроризмдин жана  зордук-зомбулуктун алдын алуу” аттуу конференцияга катышты (фото)

Автор:ruh_admin

Июн 3, 2016

13340182_1615329332039014_2243341849180592904_oБишкек, 3-июнь /ca-irnews.com/. 2016-жылдын 31- майынан 1-июнуна  чейин Германия мамлекетинин Берлин шаарында ЕККУнун “Экстремизм, терроризмдин жана  зордук-зомбулуктун алдын алуу” боюнча жыйыны өтүп, ага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, Кыргызстандын Германиядагы өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Асхат Рыскулов, КРдин Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин адиси Икбалжан Мирсайитов катышты.

Иш-чарага 57 өлкөнүн коопсуздук серепчилери, окумуштуулары, дин аалымдары катышып, жалпысы болуп  350 катышуучу келишкен.  Ар кайсы мамлекеттерден келишкен делегаттар зордук-зомбулук,  экстремизмге каршы күрөшүү, аялдардын жана жаштардын радикалдык уюмдардын катарына кошулуусунун алдын алуу боюнча  докладдарын окушуп, бир катар оорчундуу маселелерди талкуулашты. Конференцияны Германия мамлекетинин тышкы иштери министриФранк-Вальтер Штайнмайер жана ички иштери министри Томас де Мезьер ачып берип, катышуучулар докладдарын окушту. Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын келишкен делегаттарды КРдин Германиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Эринес Оторбаев кабыл алды.

20160531_163055[1] 20160601_141611[1]

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс