• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Кыргызстандын жана Түркиянын Афганистандагы элчилери Чоң Памирдеги этникалык кыргыздарды кабыл алышты (фото)

Автор:ruh_admin

Июн 2, 2016

image-01-06-16-04-45-5Бишкек, 2-июнь /ca-irnews.com/. 31-майда Кыргызстандын Афганистан Ислам Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абазбек Абдуразаков бул өлкөнүн Чоң Памир аймагында жашап жаткан этникалык кыргыздардын делегациясын кабыл алды. Мындай маалыматты КРнын ТИМ маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө памирлик кыргыздар элчи менен элчиликтин кызматкерлерине үч жылдын аралыгындагы ишмердүүлүгүнө ыраазылык билдирип, Афганистандагы этникалык кыргыздардын көйгөйлүү маселелерин чечүүдөгү аракети жана КРнын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдары үчүн ырахмат айтышты.

Мындан тышкары 2016-жылы 1-июнда памирлик кыргыздардын делегациясы Түркия Республикасынын Афганистандагы элчиси Али Саит Акин менен да жолугушушту.

Афганистандык кыргыздар жолугушуу учурунда Түркия мамлекети быйыл февраль айында көрсөткөн гуманитардык жардамы, Чоң Памирдеги үч кыргыздардын, алардын ичинде лидери Турдакун ажынын Түркиянын медициналык мекемесинде дарылануусуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ал эми элчилер А. Абдуразаков жана Али Саит Акин мындай гуманитардык жана башка жардамдар мындан ары да улантыла бере тургандыгына ишендиришти. Ошондой эле Түркия элчиси учурда өз өлкөсүндө Афганистандын Памириндеги кыргыздарга гуманитардык-кайрымдуулук көмөк көрсөтүүчү  өкүлчүлүк ачуу маселеси каралып жаткандыгын кошумчалады.

image-01-06-16-04-45-9 image-01-06-16-04-46 image-01-06-16-04-46-7

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс