• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Бүгүн улуу инсан И. Раззаковду эскерүү иш чарасы болду (фото)

Автор:ruh_admin

Июн 2, 2016

 

8Бишкек, 2-июнь /ruh.kg/. Бүгүн, 2-июнь белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун сөөгү өз мекенине алып келинген күн. Бул датага байланыштуу “И. Раззаков” атындагы республикалык фонд маркумдун сөөгү көмүлгөн Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө куран окушуп, эскерүү иш чарасын өткөрүштү жана эстелигине гүлчамбар коюшту. Ага аталган фонддун мүчөлөрү, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, И. Раззаковдун жердештери, КРнын Президентинин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, жаштар менен журналисттер катышышты.

Эскерүү митингинде сөз сүйлөгөн “И. Раззаков” атындагы республикалык фонддун аксакалдар кеңешинин төрагасы Жалил Муркамалов И. Раззаков бир гана Кыргызстан эмес, Тажикстан менен Өзбекстанга кеңири белгилүү, эмгеги сиңген инсан болгондугун айтты. “И. Раззаковдун балалык чагы өтө оор болгон. Ал беш жашында томолой жетим калганда таякеси Ходженттеги жетимдер үйүнө тапшырган, ал жерде окуп, жетилген соң, Ташкенттеги педагогикалык окуу жайды аяктап, андан ары билимин Москвадагы пландоо институтунда уланткан. Кийин Өзбекстанда иштеп, кызматтык тепкичтерден өтө тездик менен көтөрүлүп отуруп, Өзбекстандын Эл комиссарлар кеңешинин төрагалыгына жеткен. Кийин, 1945-жылы  анын кыраакылыгын байкаган И. Сталин Кыргызстанга алгачкы ирет кыргыздардан министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылы КРнын Компартиясынын биринчи катчысы кылып дайындаган. Бирок өз өлкөсүнө болгону 16 жыл эмгек сиңирип, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин республикабызды калыбына келтирген эмгеги бааланбай, кыргыз тилин өнүктүрүү, улуттук кадрларды өстүрүү үчүн жасаган мекенчил аракети улутчулдук катары бааланып, жалган жалаа менен кызматтан алынган”,- деди ал.

Фонддун аткаруучу директору Авазбек Гапыров аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, жаңы төраганы шайлоону сунуштады. Бул кызматка көпчүлүк добуш менен Замир Осмонов шайланды. Ал мындай ишеним көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, алдыда белгиленген пландардын баарын ишке ашырууга убада берди.

И. Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда шахтёрдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Бирок беш жашында томолой жетим калган. 1979-жылы 19-мартта Москвада көзү өтүп, сөөгү Кунцево көрүстөнүнө коюлган. 2000-жылы 2-июнда керээзи аткарылып, сөөгү Кыргызстанга алынып келинип, Ала-Арча көрүстөнүнө кайра коюлган.

2 3 4 7 9 Раззаков

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс