• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Бишкекте «Исламдагы аялдын орду» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү (фото)

Автор:ruh_admin

Июн 1, 2016

18Бишкек, 1-июнь /ca-irnews.com/.   Бүгүн, 1-июнда И. Арабаев атындагы КМУда Иран Ислам Республикасынын Маданий өкүлчүлүгү менен биргеликте «Исламдагы аялдын орду» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага Кыргызстан аялдар конгрессинин президенти З. Акбагышева, аталган окуу жайдын профессору М. Амердинова, КРнын ИИМ 10-башкы башкармалыгынын бөлүм начальниги Р. Турусбеков, «UMMA» журналынын редактору Э. Сатарова, Ж. Баласагын атындагы КМУнун доценти Б. Алимова, «Муттакалим» уюмунун жетекчиси Ж. Фронтбек кызы, «Балдарга китеп окуп бергиле» долбоорунун волонтеру А. Чордонова, «Сумая» коомдук фондунун жетекчиси Б. Сулайманова, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын доценти А. Алишева, Ирандын Кыргызстандагы элчисинин милдетин убактылуу аткаруучу М. Пардахктчи, Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлү А. Хакимпур, Ирандагы «Аль-Захра» аялдар университетинин ректору Э. Хазали, Ирандан келген башка коноктор жана жергиликтүү коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен журналисттер катышып, сөз сүйлөштү.

Конференцияны И. Арабаев атындагы КМУнун проректору Э. Каниметов ачып, катышуучуларга куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө ирандыктардай эле нечен кылымдарды баштан өткөргөн кыргыз эли дайыма аялзатына урмат-сый көрсөтүп, жогору баалап келишкендигин белгиледи. «Кыргыз элинде эзелтен эле аялзаты коомдо жогору бааланып келген. Мисалы, «Бейиштин төрү эненин таманынын астында», «Энесин Меккеге жөө көтөрүп барган адам да анын ак сүтүн актай албайт» деген сөздөр айтылып келгендиги далил боло алат. Ал эми бүгүнкү иш чарага Ирандын республикабыздагы элчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Мохаммад Пардахтчи мырза баш болгон кызматкерлер менен Тегерандан атайын улуу даражалуу коноктордун келип катышып жаткандыгы биз үчүн чоң сыймык жана байыркы кыргыз, иран элдеринин достугунун далили болуп саналат»,- деди ал.

Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар ислам дининдеги аялдардын укугуна арналган ар кандай темаларда илимий докладдарды жасашты. Алгач элчинин милдетин убактылуу аткаруучу М. Пардахктчи Ыйык Курандын бир нече аяттарында аялдардын укугу тууралуу айтылгандыгын баса белгилесе, Маданий өкүл А. Хакимпур өз өлкөсүндө үй-бүлөнү коргой турган атайын сот бар экендигин, анын иштөө принциби тууралуу кеңири баяндама жасады. Ал эми З. Акбагышева Иран элинин рухий жолбашчысы Имам Хомейни аялдарды улутуна, расасына жана динине карата бөлбөгөндүгүн, аялзатына, дегеле үй-бүлөгө гумандуу мамиле жасагандыгы тууралуу доклад жасады.

Ошондой эле кийинки докладчылар Кыргызстандагы аялдардын укугу, социалдык абалы, коомдогу орду, дин эркиндиги, радикализмге каршы күрөшүү тууралуу кеңири баяндама жасашты.

13

16

20

19

13323457_781471001989179_6433769339187629206_o

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс