• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

Стамбулда бирдиктүү хижрий календарынын астрономиялык эсептөөлөрү боюнча эл аралык конгресси өтүүдө

Автор:ruh_admin

Май 31, 2016

Бишкек, 29-май /muftiyat.kg/ Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Азирети муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы бирдиктүү хижрий календарынын астрономиялык эсептөөлөрү боюнча эл аралык конгрессине  катышууда.

Конгресс алкагында  Рамазан айынын башталышына карата диний майрамдарга мусулмандар арасында  туура убакытты  белгилөө боюнча  календарлык биримдикти уюштуруу  маселеси талкууланууда.  Ошондой эле  конгресстин жүрүшүндө  окумуштуулар  өздөрүнүн докладдык   иштеринен баяндама жасоодо. Конгресс   симпозиум сыяктуу болуп  өтпөстөн ар бир иш жана сунуш-пикирлер жеринде каралып, илимий түрдө талкууланууда.  Жыйында астрономиялык,  коомдук жана социалдык  аспектилерди камтыган  3 багыттагы докладдар окулуп, натыйжада талкууланган конкреттүү чечимдер боюнча  илимий резолюция кабыл алынмакчы.

Стамбул шаарында өтүп жаткан конгресске Кыргызстан, Иордания, Египет, АКШ, Европа мамлекеттеринен атайын өкүлдөр, илимдин докторлору жана илимий изилдөөчүлөр катышууда.

Эскерте кетсек, конгресс 28-майдан 30-майга чейин улантылат.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс