• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

Имамдар диний жөрөлгөлөрдү аткаруу боюнча практикалык курстардан өтүшүүдө

Автор:ruh_admin

Дек 29, 2015

11731709_839671396129539_257752573830304894_o_0Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы 29-31-декабрь күндөрү Кара-Балта шаарындагы Куран-Нуру ислам институтунда имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча практикалык курстарды өткөрүүдө.  Анда дин кызматкерлерине Ханафий мазхабы, исламдагы аша чапкандык, чектен чыгуу, Хутба чеберчилигин күчөтүү, коом менен тыгыз иштешүүнү үйрөнүү боюнча   практикалык сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

«Учурда КМДБ имамдарга билим берүүдө муфтияттын квалификациялуу кадрларлары, КР Коргоо кеңешинин чечимдерин аткаруу максатында имамдардын  билим сапатын жогорулатууда теориялык жактан алган сабактарын практикалык түрдө көргөзүү үчүн, алгач Чүй облусунуну Панфилов, Жайыл, Москва райондорунда уюштурулат. Андан кийин республиканын бардык аймактарда өткөрүлөт»,- деп айтылат муфтияттын маалымат кызматында.

Иш чаранын алкагында имамдар эл менен тыгыз кызматташуу, жума күндөрү хутба айтуу, Ханафий мазхабын үйрөтүү жана жайылтуу, ар түрдүү радикал агымдардын алдын алуу, намаз окуу, нике кыюу, жаназа намазын окуу, маркумду кепинге алуу жана башкалар боюнча практикалык түрдө атайын комиссия курамына көргөзүп беришмекчи. Практикалык курстун башкы максаты -имамдардын күнүмдүк аткарылуучу  милдеттерин жакшыртуу жана шариат көргөзгөн тартипте үйрөтүү болуп саналат.

Акыркы жылдарда бүткүл дүйнөдө, Борбордук Азия  регионунда да диний экстремизмдин жана радикализмдин күч алышынан улам, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкарамлыгы мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратуучу зомбулуктун жана радикалдуу уюмдардын алдын алып, коомчулукка туура түшүндүрүү иштерди жүргүзүүдө имамдардын билим сапаттарын жогорулатып, аларга атайын квалификациялык курстарды уюштуруп берүүдө.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс